Коопсуздук кеңеши Мамэкотехинспекциянын экс-басма сөз катчысынын коррупция боюнча арызын иликтейт

Сүрөт Мамбеталиеванын фэйсбук барагынан алынды

Кыргызстандын президентине караштуу Коопсуздук кеңеши Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экс-басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупция боюнча билдирүүнү иликтейт. Бул билдирүүдөн кийин Мамбеталиевага коркутуп-үркүтүүлөр түшүп, ал бийликтен өзүн коргоону суранган.

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева «Клоопко» маалымдагандай, президенттин администрациясы Мамбеталиеванын видео кайрылуусу менен таанышууга жетишиге элек, бирок анын арызын кароого алышкан.

«Анын арызы укук коргоо органдарындагы коррупция маселелерин тескеген Коопсуздук кеңеши тарабынан каралууда», — деди Стамалиева.

Мамэкотехинспекциянын экс-басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева 24-августта президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жасаган. Анда ал коррупцияга тиешеси бар деп шекиген үч мурунку кесиптешинин ысымдарын атап, андан тышкары, өз дарегине коркутуп-үркүтүүлөр келип жаткандыгын айткан.

«Урматтуу президент, коррупцияга байланышы бар адамдарга мен эскертүү берип, бул боюнча мен аягына чейин күрөшөм дегенден бери менин өмүрүмө коркунуч туулуп жатат. Ошондой эле, мени ар кандай каралоо аракети да болуп жатат. Ошондуктан мен сизден суранам, бүгүнкү күндө мени гана эмес, менин үй-бүлөмө дагы коркунуч туулуп жаткандыгына байланыштуу укугумду жана өмүрүмдү коргоп берүүңүздү өтүнөм», — деп кайрылган президентке Мамбеталиева.

Мамбеталиеванын айтымында, анда укук коргоо органдарына өткөрүп бере турган мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу бардык далилдер бар.

Анара Мамбеталиева 11-июлда Мамэкотехинспекциянын имаратында. Сүрөт Мамбеталиеванын фэйсбук барагынан алынды

Мурдагы басма сөз катчы ведомстводогу коррупцияга каршы күрөштү жарым жыл мурда баштаганын, ал эми июль айында Мамэкотехинспекциянын башчысынын иш бөлмөсүнүн алдында антикоррупциялык митинг өткөргөнүн айткан.

Ошол окуядан кийин ведомстводо кызматтык иликтөө жүргүзгөн комиссия түзүлгөн. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Мамбеталиеваны август айында «Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» беренени бузгандыгы үчүн жумуштан бошотушкан.

Андан сырткары, ведомство Мамбеталиева «өз иш бөлмөсүн, кызматтык унаасын жана 200 миң сомго чукул каражат боюнча отчёт тапшыра электигин» билдирүүдө. Ал эми Мамбеталиева болсо Мамэкотехинспекция ага жумуштан бошотуу жөнүндө буйрукту бермейинче отчёт тапшыра албасын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА: