Азиада-2018: Дарья Маслова Кыргызстанга экинчи алтын медаль алып келди

Сүрөт: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Жеңил атлетчи Дарья Маслова Кыргызстанга Азия оюндарынын алтын медалын алып келди. Спортчу 10 000 метрлик аралыкта чуркоодо биринчи болуп келген. Бул Индонезиядагы мелдеште Кыргызстандын экинчи алтын медалы болуп калды.

Маслова 10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 07.23 секундда чуркап өткөн. Кыргызстандык жөө күлүк финалга чыккан 10 атаандашын артка калтырган. Оюндардын күмүш медалын бахрейндик спортчу, ал эми коло медалды Кытай жеңип алган.

Мурдагы жылы Дарья Маслова үч мараны багындырган. Азия чемпионатында эки жолу жана ошондой эле, Дүйнөлүк Универсиада.

Индонезиядагы Азиадада Маслованын алтыны Кыргызстан үчүн экинчиси болуп калды. Биринчи алтынды жиу-житсу мелдешинде Төрөкан Багынбай уулу жеңип алган.

Кураманын капчыгында бардыгы болуп 11 медаль бар — 2 алтын, 4 күмүш жана 5 коло. Жетинчи таймаш күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан медалдык зачётто 15-орунда.

Биринчи орунда Кытай, анда 153 медаль бар (72 алтын, 51 күмүш жана 30 коло), экинчи орунда Жапония, Түштүк Корея үчүнчү орунда.

Азия оюндары 18-августта Индонезияда башталган жана 2-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан мелдешке 149 спортчу катышат.