Солдо араб тамгалары менен жазылган видеодогу желек, оңдо CERBER AUTO CLUBдун байрагы

26-августта социалдык түйүндөрдө Чүй облусуна караштуу Москва районунда араб кол жазмалары менен кара байрак тагып алып жүргөн машиналардын видеосу жарыяланган. Фейсбуктун колдонуучулары бул желекти «Ислам мамлекети» (ИМ) аттуу террористтик уюмдун эн белгиси катары кабыл алышкан.

Чындыгында ИМдин байрагы таптакыр башкача (мыйзамга ылайык, биз аны сиздерге көрсөтө албайбыз, бирок сиз аны каалаган издөө системасынын жардамы менен таба аласыз). Видеодогу желекте араб тамгалары менен Аллах деп жазылган.

Видеодогу байрактын көрүнүшү
Араб кол жазмасы менен жазылган Аллах деген сөз ушундай көрүнөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы видеодо CERBER AUTO CLUB автоборборунун байрагы түшүрүлгөнүн билдирген. Ал төмөнкүдөй:

УКМКдан билдиришкендей, коомдук түйүндөрдүн колдонуучуларына автоклубдун байрагынын түсү кара жана андагы сөздөр ак болгондуктан аларга «Аллах» деген сөздүн арабча жазылышы «көрүнүп» кеткен.

«Бул желектер ошол фирманыкы болчу, алар болгону кара түстө ак жазуулары менен эле. Биз аларга желектерди колдонууга тыюу салган жокпуз, бирок айрым бир ассоциациялар үчүн колдонбоо керектигин сунуштадык», — дейт УКМКнын басма сөз кызматы.

CERBER AUTO CLUBтун администратору Николь Кремер автоборбордун бул видеого болгон тиешесин четке какты. Автоборбордун желегинде кара фондо үч баштуу иттин сүрөтү чагылдырылган.

«Видеонун бизге таптакыр тиешеси жок, биз бул видеону ким тартканын жана анда ким тартылганын билбейбиз. Биз кечээ күнү милицияда түшүнүк каттарын жаздык, алар биздин желектерди сүрөткө тартып алышты. Видео таптакыр биздики эмес», — дейт ал.