Орусиянын Канттагы авиабазасынын аскери балалуу аялды сүзүп, эне каза тапты. Эмне белгилүү?

Иллюстративдик сүрөт. Табылды Кадырбеков/Sputnik

Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасынын кызматкери Лебединовка айлында жөө кыядан балалуу аялды сүзүп алган. Аял мүрт кетип, ал эми бала оор абалда. Жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө эмне белгилүү?

Эмне болду?

27-август күнү кечинде орусиялык аскер өзүнүн «Хюндай Тюксон» авто унаасында үч жашар баласын жетелеген 43 жаштагы аялды сүзгөн. Маалыматка ылайык, ал учурда маркум аял Чүй облусунун Лебединовка айлында жөө кыядан өтүп бара жаткан.

«Үч жашар бала оор абалда ооруканага жеткирилген, ал эми анын апасы ооруканага жетпей каза болуп калган», — деп билдиришти жол инспекциясынын жетекчилигинен.

Чүй ШИИБнин басма сөз борборунан «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, жол кырсык фактыгы боюнча «Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинде кылмыш иши козголгон.

Аскер кызматкери дипломатиялык мамилелер жөнүндө конвенцияга ылайык кармалбайт. Ага дипломатиялык кол тийбестик берилген. Жакын арада кылмыш ишинин материалдарын прокуратурага өткөрүп берүү пландалууда.

Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасынын басма сөз кызматынан ырасташкандай, кырсык болгон учурда аскер кызматкери эмгек өргүүсүндө жүргөн. Базанын жетекчилиги да окуянын чоо-жайын аныктап жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 29-августта Орусиянын иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Чекмазов менен базанын колбашчысы Андрей Янкинди чакырган. Алар жол кырсыгына күнөөлүү аскер Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасында камакта экенин маалымдашкан. Чекмазов менен Янкинге жол кырсыгын иликтөөгө толугу менен көмөктөшүү жана жабырлануучуларга компенсация төлөп берүү боюнча маселени чечип берүүнү талап кылган нота тапшырылган.

Мурдараак авиабазанын жетекчилиги жабыркаган баланы даарылоо үчүн материалдык жардам көрсөтүүнү жана каза тапкан аялдын туугандарына моралдык зыян төлөп берүүнү убада кылган.

Орусиянын дипломаты катышкан жол кырсыгы

Мындан туура бир жыл мурда, тактап айтканда, 2017-жылы февралда Орусиянын дипломаты катышкан жол кырсыгында кыргызстандык Евгений Лексин каза болгон. Окуянын видео жазмасына ылайык, Орусиянын дипломатиялык номерлүү «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү жолтандабас жолчырактын кызыл белгисинен өтүп кетип, Лексин айдаган «Мерседес Спринтер» унаасын сүзүп алган.

Жолтандабастын рулунда Орусиянын элчилигинин кызматкери Виктор Пухов болгон. «Дело№» газетасы өзүнүн маалымат булактарына таянып, Пухов Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) полковниги экенин жазып чыккан. Бирок расмий маалыматтарга ылайык, ал орус элчилигинде биринчи катчылык кызматта иштеген.

Жол кырсыгынан бир нече күн өткөндөн кийин Пухов Кыргызстандан кетип калган.

Орусиянын Жогорку сотунун сайтында Пуховдун ишин аскер кызматкерлеринин иши боюнча аскер коллегиясы карап жатканы маалымдалган.

Америкалык аскерлердин айынан өлгөн кыргызстандыктар

2006-жылдын декабрь айында америкалык аскер Закари Хэтфилд, Кыргызстандын «Манас» аба майданындагы АКШнын авиабазасында май куюуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген кыргызстандык жаранды атып салган. Хэтфилдге каршы сот Америкада болгон. Сот арачылар Хэтфилддин күнөөсү боюнча далилдердин жетишсиздигине таянуу менен аны күнөөлүү эмес деп табышкан.

«Викиликстин» материалындагы маалыматтарга ылайык, Хэтфилдге каршы «узак мөөнөттүү натыйжа берген жана анын кызматтык абалына терс таасирин тийгизүүчү административдик чаралар» колдонулган.

Ал эми 2007-жылы Бишкек-Манас авто жолунда Американын «Ганси» аскер базасынын кызматкери «Встреча» кафесинин маңдайынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Американын базасы Кыргызстандын «Манас» аба майданында 2001-жылдан 2014-жылга чейин иштеген. Алгач ал АКШнын аскердик кампаниясын жана анын Афганистандагы өнөктөштөрүн колдоо максатында колдонулган. 2009-жылдын ортосунда базанын багытын Транзиттик ташуу борборуна өзгөртүшкөн. Ошондон баштап база Афганистанга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жөнөтүү жана кайра алып келүү, андан тышкары, учактарга абадан май куюу ишин жүргүзгөн.

2014-жылы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы америкалык базанын Бишкекте жайгашуу жөнүндө келишими аяктап, база жабылган.

Авторлошу: Александра Титова

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы Орусия элчилигинин автоунаасы урунган жол кырсыгы. Эң маанилүүсү

Кыргызстандагы Орусия элчилигинин автоунаасынын жол кырсыгы. Сот Орусияда болот