Kaktus.Mediaнын кабарчысына күзөт агенттигинин кызматкерлери кол салган

Потрясовго кол салуу учурундагы видеодон скриншот.

«Армата секьюрити» күзөт агенттигинин үч кызматкери «Кактус» басылмасынын журналисти Николай Потрясовго кол салышкан. Алар журналист «Космопарктын» жанында курулушу аяктай элек имаратты тартып жаткан учурда курдан кармап, машинага сүйрөп кирүүгө аракет жасашкан.

Окуя 30-августта «Космопарк» көңүл ачуу борборунан алыс эмес жайгашкан 7-кичи райондо болгон. Ал учурда журналист курулуп бүтө элек имаратты видеого тартып жүргөн.

«Мен курулуш жүрүп жаткан жердеги тар көчөгө киргем. Ал жерде дубалды видеого тарттым. Себеби, ал дубалдын өтүп бара жаткан адамдарга эч нерсе түшүп кетпөөсү үчүн атайын чатырлары жок болчу. Объекттин күзөтчүсү чуркап чыгып, мени колумдан кармап туруп анан ыкчам аракеттенүү тобун чакырса керек», — деп айтып берди Потрясов «Клооптун» кабарчыларына.

Анын айтымында, бир нече убакыттан кийин кийиминде «ГБР (Ыкчам аракеттенүү тобу)» деген жазуусу бар үч адам келип, алардын ичинен бирөөсү Потрясовду курдан кармап, ал эми экинчиси аны артынан кармап алууга аракет кылган.

«Алар мени күчкө салып машинага салууга аракет кылышты. Көчөдөн өтүп жаткандар видеого тарта баштап, мен фэйсбукта түз эфирди күйгүздүм. Колумду сындырганга аракет кылышты. Көгала-тактар калган жок, бардыгын профессионалдуу кылышты», — деп кошумчалады журналист.

«Кактус» басылмасынын редакциясы маалымдагандай, Потрясовго окуянын күбөлөрү болушуп, жардам беришкен.

Журналист кол салгандардын үстүнөн Октябрь РИИБне арыз жазды. Анын айтымында, милиция бөлүмүнө күзөт агенттигинин башчысы Ашыркул Асанов келип, Потрясовду Кыргызстандын президентинин атын айтып коркуткан.

«Мен ага тыюу салынбаган объекттерди мэриянын эч кандай кошумча санкцияларысыз же башка неселерсиз тасмага түшүрүүгө укугум бар экендигин айткам. Экөөбүз сүйлөшүп жатканбыз, анан бир маалда эле ал “жоголгулачы. Мен бул жерге Сооронбай Жээнбековду чакырып да алам” деп айтты», — деп билдирди кабарчы.

Материалды жарыялоо учурунда Асанов комментарийлерге жеткиликсиз болду.

Бишкек ШИИБнин басма сөз борборунан кол салгандардын тек-жайы аныктала электигин «Клооптун» кабарчысына билдиришти.

«Азыр арыз катталып жатат. Тийиштүү текшерүү жүргүзүлөт», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Кыргызстандын конституциясына ылайык, ар бир кыргызстандык маалыматты ээн-эркин чогултууга жана аны жайылтууга укуктуу.