Милиция КСДПнын Токмоктогу депутатын издеп жатат. Ал мал базардан адамга бычак сайган

Иллюстративдик сүрөт. Табылды Кадырбеков/Sputnik

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов мал базардан адамга бычак сайгандан кийин ага издөө жарыяланды. Жансеитовго «Өмүргө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылды.

Чүй ШИИБнин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 26-августта Токмок шаарынын мал базарында жүз берген. Милиция шектүүнүн ысымы менен ээлеген кызматын ачыктоодон баш тартты. Бирок шектүүнүн инициалы «Ж.Т» жана анын туулган жылы Токмок шаардык кеңештин депутаты Тынайбек Жансеитовдун маалыматтары менен дал келүүдө.

«Бизге аймактык ооруканадан бычак жеп жарадар болгон эркек киши түшкөнү жөнүндө маалымат келди. […] Жабырлануучу азыр кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн же арыз жазуудан баш тартып жатат», — деп билдиришти милициядан. Ошондуктан кылмыш иши кол салуу фактысы боюнча гана козголгон.

«Кактус» басылмасы укук коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянып, кол салган адам Тынайбек Жансеитов болгонун ырастоодо.

Ал эми жабырлануучу Талантбек Жамангулов да Жансеитов кол салганын «24.kg» басылмасына курган маегинде айткан. «Биз шаршемби күнү куран окутмакпыз, ошондуктан мал базарга кой сатып алалы деп келгенбиз. Ошол жерден Жансеитов байкатпай мага бычак сайган», — деди ал кол салуунун себептерин билбестигин кошумчалап.

Анын айтымында, ал Жансеитовдордун үй-бүлөөсү «аябай таасирдүү» болгону үчүн милицияга арыз жазган эмес.

«Шаарыбыздын мэри ага (Жансеитовго) байке болуп калат, ал эми Токмок РИИБнин начальниги анын бир тууганы. Ошондуктан мен арыз жазган жокмун, анысы аз келгенсип анын туугандары күбөлөрдүн үйлөрүн кыдырып коркутуп жүрүшөт», — дейт жабырлануучу.

Шектүү Токмок РИИБнин начальнигинин бир тууганы экендиги жөнүндө маалыматты Чүй ШИИБнин басма сөз борборунан дароо эле четке кагышты. Ал эми депутат өзү комментарийлер үчүн жеткиликсиз болууда.

Жансеитовго «Өмүргө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылып, издөөгө жарыяланган. Мындан тышкары, ага карата камакка алуу боюнча жаза өтөө өкүмү сырттан чыгарылган.