Бишкек филармониясында чыккан өрт өчүрүлдү

Филармонияда чыккан өрттү өчүрүү. Сүрөт: Марат Абдыкалыков/Kloop.kg

Бишкек филармониясында өрт 30-августта болжол менен түшкө жакын чыккан. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына зымдардын тийишип кеткени же «өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» себеп болгон.

Маалымат саат 14:42де жаңыртылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан өрт тууралуу билдирүү саат 12:26да түшкөнүн маалымдашты. Эки сааттан кийин өрт чектөөгө алынган. Өрт саат 16:20да гана толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоо жалпы 200 чарчы метрди каптаган.

Сүрөт: Марат Абдыкалыков/Kloop.kg

Өрт имараттын батыш жагынан чыккан — бул коомдук тармактардын колдонуучуларынын сүрөт жана видеолорунан көрүнүп турат. ӨКМдин маалыматына ылайык, аны 11 өрт өчүргүч техникасы өчүрүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына зымдардын тийишип кеткени себеп болгону айтылууда. Жабыркагандар жок.

«Инженердик өрт лабораториясы келет. Алар экспертиза кылып, сүрөткө тартып, изилдеп, ошондон кийин гана өрт чыгуунун себептерин так айтат», — деп билдирди ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги Адилбек Чаргынов.

Филармониянын кызматкери Байбагыш Рустамбеков имараттын ичинде музыкалык аспаптар калып калганын журналисттерге айтты. Анын айтымында, аспаптар төртүнчү кабатта калган, ал эми өрт бешинчи кабаттан чыккан.

Азырынча имаратта калган аспаптар өрттөнүп же өрттөнбөгөнү белгисиз. «Мен эмне күйүп-күйбөгөнүн билбейм. Мен өзүм отурган жердин үстүнөн түтүн чыга баштаганын билем. Ал жакта ар түрдүү музыкалып аспаптар менен буюмдар бар эле», — деди ал.

Өрт чыккан жерде тез жардам кызматы нөөмөттө турду. Сүрөт: Марат Абдыкалыков/Kloop.kg

Ашкана кызматкери акыркы бир нече күндөрү филармонияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Эгемендик күнүнө карата даярдык иш-чаралы өтүп жатканын жана өрт даярдык көрүлүп жаткан бөлмөдө башталганын айтты.

«Филармониянын кызматкерлери заматта өрт маалында ачылчу эшиктерди ача калышты. Алар ары-бери чуркап жүрүштү. Бир маалда өрт өчүргүчтөр менен кошо тез жардам кызматы да жетип келди. Филармонияга 80 жыл болду, электр зымдары эски», — деди ал.

Сүрөт: Марат Абдыкалыков/Kloop.kg

Анын айтымында өрт учурунда имаратта аз эле киши болгон.

«Жабырлануучулар жок. Өрт өчүрүүчүлөр тез эле келип калышты. Бирок, түтүн тез эле тарап кетти. Мисалы биз түндүк тарапта жайгашганбыз, түтүн бизге чейин жетти. Биз аны сезгенде бардыгын өчүрүп, чуркап чыктык. Эч кандай коңгуроо үнүн уккан жокпуз», — дейт филармониянын кызматкери.

Кубан аттуу күбөнүн бири өрттүн чыгышына аба муздаткычтын начар иштөөсү себеп болушу ыктымал дейт.

«Чоң жалын бар болчу. Ал борбор тарапка жайылып баштаган. Сыртка чыгарылган адамдар деле жок. Жалын болгон жерде комузчулардын ансамбли «Камбаркан» жайгашкан деп айтып жатышат бирок, так айта албайм. Өрт өчүргүчтөр 15 мүнөттөн кийин, ал эми милиция кызматкерлери кечирээк келип, бардыгын курчоого алышты», — дейт ал.

Авторлоштору: Марат Абдыкалыков жана Алексей Журавлев.