Скриншот: Adult Swim

Кыргызстанда аңдуу жөнүндө ачык айтууга болбойт, бирок мындай абалга көбүнчө кыздар туш болушат. Бул интернетте кандай болсо, оффлайнда да ошондой эле болот. Аңдуулар боюнча расмий статистика жок, ал эми кыргыз мыйзамдарында ашкере жабышып-жармашуу үчүн жаза каралган эмес.

«Клооп» сталкингдин курмандыгына айланган беш кыргызстандыктын окуясын чогултту.

Менин жүзүм көрсөтүлгөн порно монтаждаймын деп коркуткан

Алтынай* сталкинг менен 10-классында кездешкен. Анын артынан бейтааныш адам түшүп алып, аны менен кыз жигит мамиледе болгусу келген. Ал киши Алтынайга коомдун тармактардан «Сен мендик болушуң керек» деп жазган.

Окуучу кыз бейтааныш киши менен достошкусу келген эмес, анткени анын ким экенин да билчү эмес. Алтынай артынан түшүп алган адамга коомдук тармактардан жооп жазбай, достугунан өчүргөн. Бирок ал жаңы аккаунттарды ачып алып, тынымсыз жазганын уланткан.

Алтынай аны менен баарлашуудан баш тарткандан кийин ал «сенин жүзүң көрсөтүлгөн порнографиялык тасма тартып досторуң менен туугандарыңа жөнөтөм» деп коркутуп-үркүткөн.

«Мен айлам кетип, эмне кылаарымды билбей калгам. Көзүмөн жаш токтобой, айлам кетип коомдук желедеги бардык сүрөттөрүмдү өчүрө баштагам», — деп эстеди Алтынай.

Жаш кыз кайсы бир учурда артынан түшүп алган адам менен жолукканга да даяр болуп калганын айтууда: «Башка аргам жок эле, ал эми кээде өз жанымды кыйып салгым да келчү».

Натыйжада Алтынай телефон номерин алмаштырып, үч жыл бою коомдук тармактарды колдонбой койгон. Азыр деле интернетте жүзүн жашырып, ал жактарга сүрөттөрүн жүктөбөйт. «Албетте, баары артта калды, бирок баары кайталанып кетиши мүмкүн деген коркунуч кала берет экен».

Кай жерде жүргөнүмдү досторум аркылуу билип алчу

Күндөрдүн биринде Жаныштын эски курбусу ага сүйүүсүн билдирет. Бирок ал аны менен жакын мамиледе болгусу келбей, баш тартып койгон. Ошол күндөн бери жигит эски курбусунун курмандыгына айланган.

«Ал менин каттарымды окуш үчүн телефонумду сурай баштады. Андан кийин сүйлөшкөн кыз таап алганымды билип алып, артыман аңдууга өттү», — дейт Жаныш.

Анын айтымында, артынан түшүп алган кыз тааныштар аркылуу анын жеке жашоосу тууралуу сураштырып, маалымат топтой баштаган. Ал Жаныш кайда жана ким менен убакыт өткөрүп жүргөнүн билгиси келген.

«Артыман келе жатканын байкап калган учурлар болгон. Абдан жиним келчү, анткени сен үчүн жакын болгон адам артыңдан аңдып жүргөнү жаман көрүнүш да», — деп эскерди ал.

Жаныш анын мурдагы курбусу кезектеги жолу артынан аңдып жүргөнүн байкап калган. Ошондо эски таанышына мындан ары аларды бириктирчү нерсе болушун каалабаганын айткан.

Ошондон кийин кыз аны аңдыганын азайтканы менен моралдык басым кылганын уланткан. Ал Жаныштын башка кыздар менен курган мамилеси аны бактысыз кылып жатканы жөнүндө айткан.

Бирок аягында ал Жаныштын тынчын алганды токтоткон.

Тааныштар аркылуу басым жасап, турмушка чыгууну сунуштаган

Светлана 2011-жылы «Манас» университетинин алдындагы тил ийримдерине барып жүргөн. Ошондо ал бир жылга созулган аңдууга кабылган.

«Ал менин түрк тилинен сабак берген мугалимимдин досу болчу. Эмне үчүн экенин билбейм, бирок ал мага дайыма жабышып-жармашып эле бир жактарга чакыра берчү. Турмушка чыгууну сунуштады, бирок биз аны менен таптакыр сүйлөшчү эмеспиз», — дейт ал.

Бул киши аңдуу менен эле токтоп калган эмес. Светлана эч кимге даректерин айтпаса деле чабармандар үйүнө жана жумушуна белектерди алып келе башташкан: «Кээде гүлдөр, кээде идиш-аяк, коомдук тармактардан алынып кооздолгон сүрөттөрүм. Эгер белектерди түздөн-түз өзү алып келип берсе алмак эмесмин, а бул жерде чабармандар аркылуу болгон. А мен болсо аларды кесиптештерге таратып койчумун».

Светлананын апасын анын тааныштары кызың белектерди алып алып жолугушууга чыккысы келбейт деп айтып кемсинте башташкан. «Мектепте иштеген курбумдун классына [артынан түшкөн кишинин тааныштары] кирип келишчү. Эң эле аянычтуусу — бул жерде менин жакындарым жабыркап калышты», — дейт Светлана.

Аңдуудан тажаган Светлана өзүнүн фэйсбук барагында пост жазган: эгерде ал кыздын тынчын дагы бир жолу алса, анда милицияга арыз менен кайрылат. Бул пост таасирдүү болуп, аңдуулар токтогон. Бул окуядан кийин Светлана мурдагыдан да этият болуп, түрк тилин окууну таштап салган.

Бир жылдан кийин ага милициядан чалып, анын мурдагы досунун үстүнөн жаңы курмандыгы арыз жазгандыгы тууралуу айтышкан. «Балким мен абдан эле ак көңүл болсом керек, бирок башка бирөө арыз жазып койгон экен», — деди Светлана сөзүн жыйынтыктап.

Кайдан-жайдан чыга калып менин коомдук тармактардагы билдирүүлөрүмдү окуй берчү

*аты өзгөртүлдү

Арина* тил ийримдеринде жүргөн кезде аңдуунун курмандыгы болуп калган. Күндөрдүн биринде курсташ кызы ага убактылуу пайдаланууга китебин берип, ошондон кийин алар сүйлөшө кетишкен. Ошентсе да Арина мындан ары курсташы менен мамиле курууну каалаган эмес.

Бирок анын жаңы тааныш кызы жабышып-жармашып, өзүн кызыктай алып жүрө баштаган. Ал сабактан кийин дайыма Аринаны күтүп, бирок жолуккандан кийин ал эмнени каалап жатканын айтууга далалаттанчу эмес. Курсташ кызы аны аялдамага чейин аңдып, ойго келбеген жерлерден алдынан чыга калчу.

Жолугушуу учурунда ал Аринага жол кире бергенге аракет кылып, көрсөтпөй чөнтөгүнө печенье жана башка таттууларды салып койчу. Бул жөнүндө Арина эмне деп ойлоп жатканы аны кызыктырчу да эмес.

«Мен дайым жаныма фонарик түрүндөгү шокер салып жүрчүмүн. Күндөрдүн биринде кетип бара жатсам буручтан алдыма кандайдыр бир чоң кишинин сөлөкөтү көрүнүп кетти. Мен коркуп кетип аны шокер менен чаап сала жаздагам, көрсө ал ошол жабышып жүргөн курсташым экен», — деп эскерди Арина.

Ал курсташ кызына анын жоругу коркунучтуу экенин түшүндүрүп, аңдыганды токтотуусун суранган. Бирок кыз Аринага аңдыган жагат деп жооп берген. «Ал менден кичүү болгондуктан, катуураак мамиле кыла алчу эмесмин. Бирок анын жүрүм-туруму мени кыжырданта баштаган. Ал менин айткандарымды түшүнчү да эмес», — дейт Арина.

Кийинчерээк абал чектен чыккан. Бир күнү курсташ кызы Аринанын артынан ээрчип алып троллейбустан ага баштык сунат: «Мен ал шайтандын баштыгын караган да эмесмин, заматта эле колго кармата калды. Кантип кармап алганымды өзүм да билбей калдым. Анан эле "Мен сизге айран жана булочка сатып алдым, себеби мен билем бул сизге жагат" деп айтып жатпайбы».

Кийинчерээк Арина беш жыл мурда фэйсбукта баарынан да жөнөкөй тамак-ашты жакшы көрөм деп пост жазганын эстеген: айран жана булочка.

«Ошол учурда мен чындап корко түштүм, анткени көп жыл мурда жазылган постту көрүш үчүн канча баракты жылдырып отуруш керек», — дейт ал.

Ошондо Арина WhatsAppтагы жалпы тайпага аңдыганды токтот деп курсташ кызына кайрылуу жазган. «Ошондон кийин бардыгы бул теманы талкуулай башташып, ал эми сабактардан аны жаман көрө башташкан». Бул кайрылуу жардамын тийгизип, курсташ кызы Аринаны аңдыганын токтотуп, ал эми бир айдан кийин ал ийримге келбей калган.

«Бул окуядан кийин мен адамдар менен ачык-айрым сүйлөшүүгө аракет кылам. Мен өз чегимди коргоп, абдан эле ак көңүл жана ишенчээк болбош керектигине үйрөндүм», — дейт Арина.

Чет өткөгө чейин аңдып барды

*аты өзгөртүлдү

Гүнел* «Ата-Түрк Ала-Тоо» универститетине тапшырып, Кара-Балтадан Бишкекке көчүп келиши керек болчу. Бирок ата-энеси кызынын жалгыз жашаганына каршы болушкан. Ошондо Гүнел калаадан анчейин алыс эмес жашаган туугандарынын үйүнө көчүп барган.

Кыз айыл чакан болгондуктан баары бири-бирин таанып, андагы ушак-айың тез тараганын айтат. Айылга жаңы келген кызга жергиликтүү балдар кызыгып, анын артынан ышкырып, Гүнелге окуу жайга чейин жеткирип коюу тууралуу сунуштар түшө баштаган.

«Бир жолу аялдамада үйгө чейин барчу маршруттук таксини күтүп отурсам келбейт. Машина келип токтоду, аны болсо менин айлымда жашаган бала айдап жүргөн экен. Ал үйгө кетип жатам деди. "Мени үйгө жеткирип коё аласыңбы, маршрутка келбей жатат" десем дароо эле макул болду», — деп эстеди Гүнел.

Жол катар ал жигит «мага жагасың, телефон номериңди бер» деп сурай баштаганда, Гүнел машинадан түшүп үйдү карай жөө бет алган.

Ошондон кийин анын жаңы таанышы ага тынымсыз чала баштаган. Жада калса Гүнел телефон номерин алмаштырган. Бирок бул да жардам берген эмес, анткени ал жаңы номерди билип алчу.

Ал универститетке чейин келе баштаган: «Мени күчкө салып машинага отургузуп алчу. Айылга баратканда жол бою сүйлөчү эмесмин. Ал болсо ар кандай суроолорду берип, андан кийин телефонумду алып өзүн кара тизмеден чыгаргандан кийин гана мени үйгө кетирчү».

Бул бир жылга чейин созулуп кетти.

Андан соң Гүнел окуу жайга жакын көчүп келген. Бирок тигил бала анын жаңы дарегин таап алган. Ал келип алып эгер чыкпай койсоң, анда мен байкеңе сени толтура балдар менен жолугушуп жүрөт деп айтам дечү.

«Бизде [айылда] баары катаал жана оор. Чынында ага ишенип алышат деп коркчумун. Аягында ал келгенде чыга баштадым», — деп эске салды өткөн күнүн Гүнел.

Ал Гүнел Түркияга иштеп кетсе да артынан барып таап алган. «Бул жакта болгон жинди окуянын баары Түркиядан кайталана баштады», — дейт ал.

Бир күнү Гүнел болгон күчүн билегине түрүп, ага аңдыганды токтоткунуң деп айткан. Бул сөз анын катуу жинин келтирген. «Ошол учурда ал жинди болуп калды. Мени өз жатаканасына сүйрөп кирип, эшикти бекитип өз сөзүңдү артка алмайынча бөлмөдөн чыгарбайм деп айтты. Жүрөгүм түшүп, кыйкырып, сени менен болгум келбейт деп жаттым. Ал болсо мени бир нече жолу жаакка чаап жиберди. Мен мындай кинодо гана болот деп ойлоп жүрчүмүн».

Аны тынчтандырып, бөлмөдөн качып чыгыш үчүн Гүнел аны менен сүйлөшүүнү улантам деп айтканга мажбур болгон.

Ал андан дагы бир нече ай калбай жүргөн. Кийин анын визасы аяктап, Кыргызстанга кетүүгө аргасыз болгон.

«Ошондон кийин ал тынчымды алганды токтотту, — деп эстеди Гүнел. — Ал жанымды койгондон кийин мен өзүмдү ааламда эң бактылуу сезип калгандаймын».

*аты өзгөртүлдү