Жээнбеков: Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт (видео)

«Кыргызстанда мектепке карганда мечит көп» деген аргументти дайыма талкууларда өлкөнүн исламдашышына каршылар айтышат. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ага жооп берди. Анын пикири боюнча, бул нерсенин эч жамандыгы жок, ал эми мечиттер канча көп болсо, жакшы адамдар ошончолук көп болот.

Жээнбеков 2-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен бирге Бишкекте жаңы борбордук мечитти ачты. Аны курууга Түркиянын «Диянет» фонду 25 млн. доллар бөлгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2017-жылы Кыргызстанда 2262 жалпы билим берүү мектеп болгон. Ошол эле жылы Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев парламенттин депутаттарына өлкөдө 2600 мечит иштеп жаткандыгын айткан.