Бишкектин врачтары ымыркайларды сатууга шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт. Freepik

Бишкек милициясы Үй-бүлөлүк медицина борборунун бир нече врачын кармады. Алар адам сатууга шектелишүүдө.

«24.kg» басылмасы ИИМдеги өз маалымат булактарына таянып билдиргендей, беш врач кармалып, үчөө тергөө изоляторго киргизилип, дагы экөөнө эч жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасы колдонулган.

Ал эми «Азаттык» үналгысы эки гана адам кармалганы жөнүндө жазган: «7-сентябрда калаанын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун биринин гинекологдору кармалышкан. ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул боюнча шектүү адамдын экөөсү кармалып, алардын бирөөсү убактылуу кармоо изоляторуна жайгаштырылган».

ИИМдин басма сөз борборунан «Клооптун» кабарчысына бул иш боюнча «адамдардын тобу» кармалганын гана айтып, окуянын чоо-жайын ачыкташкан жок.

«"Адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат. Кененирээк маалымат кийинчерээк болот. Балким эртең же бүрсүгүнү», — деп айтышты министрликтен.

Криминалдык милиция кызматынын 1-башкармалыгынын начальниги Марлис Жумабаев 7-сентябрда ИИМ адам сатуу боюнча төрт кылмыш ишин иликтеп жатканын айткан.

«Бишкектин Октябрь районунда ымыркайларды сатуу боюнча эки факты катталган. Ал жерде адамдардын кылмыштуу келишим болгон, анын ичинде врачтар да бар. Жаңы төрөгөндөргө ымыркай чарчаганы калды деп айтышып, чындыгында аны жасалма документтер менен сатышат», — деп түшүндүргөн Жумабаев.

Анын айтымында, милиция Ош облусунун Кадамжай районунда да ымыркайларды сатуу боюнча эки фактыны аныктаган.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, министрлик балдарды сатууну иликтеп, мамлекеттик ооруканалар менен жеке клиникаларды текшере турган жумушчу топ түзгөн.

«Жумуш укук коргоо органдары менен кошо жүргүзүлүп, аларга тергөө учурунда көмөк көрсөтүлүүдө. Тергөө амалдарынын кызыкчылыгы үчүн кененирээк маалымат бериле элек», — деди жумушчу топтун башчысы Раиса Асылбашева жыйынтыктар кийинчерээк чыгарылаарын кошумчалап.