УКМК укук коргоочуларды «тыңшоо» тууралуу ишти иликтейт

УКМКнын Бишкектеги имараты

Кыргыз укук коргоочулары Бишкектин кафелеринин биринен өздөрү отурган столдун алдына чапталган үн жаздыргыч таап алышкан. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтейт (УКМК), бирок жабыркагандар буга ишенбейт. Себеби бул тыңшоону атайын кызмат өзү уюштуруп коюшу ыктымал деп шектенишүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Гүлнара Журабаева үн жаздыргычты 7-сентябрь күнү «Бухара» кафесинде укук коргоочу Рита Карасартованын күйөөсүнө куран окутулуп жаткан учурда таап алышканын айтып берген.

Журабаеванын айтымында, үн жаздыргыч укук коргоочулар менен жарандык активисттер Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева жана Клара Сооронкулова отура турчу столдун алдынан табылган.

«Келсем эле кыздар түшүнүксүз буюмду карап отурушуптур, көрсө ал диктофон экен. Ал 20 мүнөттөн бери жаздырып атыптыр. Ошондон кийин биз дароо эле 102ге чалдык», — деди Журабаева. Ал кошумчалагандай, үн жаздыргычтын бир жак бетинен чапталманы, ал эми алдыңкы бетинен кыздар скотчтун калдыктарын табышкан.

Укук коргоочулар кафедеги столдун алдынан тапкан үн жаздыргыч. Сүрөт Журабаеванын фэйсбук барагынан алынды

«Мен жада калса кимди тыңшашканын билбейм. Столдо отургандарды оппозиционер деп да айтууга болбойт. Эгерде буга биздин күч органдарынын кандайдыр бир тиешеси болсо, анда алар жазага тартылышы керек, анткени бул ресурстарды максатсыз пайдалануу гана эле эмес, жеке жашоону бузуу да болуп саналат», — деп эсептейт ал.

Ал эми ИИМдин басма сөз борборунан укук коргоочулардын арызын кошуп, бардык материалдар иликтөө амалдарын жүргүзө турчу УКМКга өткөрүлүп берилээрин айтышты. УКМКдан бул маалыматты «Клооптун» кабарчысына тастыктап беришти.

Журабаева өзү иштин УКМКга өткөрүлүшүнүн туура же туура эместигинен күмөн саноодо. Ал өзүнүн фэйсбук барагында «биринчи кезекте [тыңшоого] бул түзүмдүн кызматкерлерин шектеп жатканын» жазган.

«Экинчи жолу мындайга кабылып атам, бирок биринчисинде жаш балдар сүрөткө тартышкан, ал эми экинчисинде талкуунун жүрүшүн жаздырышкан», — деп жазган ал.

Укук коргоочу Бурул Макенбаева кафеде столдун астына үн жаздыргыч калтыргандар кесиптештеринин телефондорун да тыңшашкан деп эсептейт.

«Биз куран окутулчу жерди жана анын убактысын бир күн мурда эле сүйлөшүп алганбыз, тагыраагы бул адамдардын биздин телефондорго да кирүү мүмкүндүгү болгон. Болбосо алар биздин жолукчу жер менен анын убактысын кантип билип алышмак эле?» — дейт ал.

Макенбаева жайында да аңдууга дуушар болушканын кошумчалады. Ал учурда укук коргоочуларды белгисиз адамдар депутаттар менен жолугушуу учурунда сүрөткө тартышкан.

«[Башкы прокуратурадан] бул адамдардын тек-жайын сүрөттөн карап таба албай коюшканын айтышкан. Бул ирет да үн жаздыргыч менен ошондой эле болот деп ойлойм», — деди Макенбаева.

Бул Бишкектин кафе-ресторандарында тыңшоого карата арызданган биринчи эле учур эмес. Февраль айында ИИМге караштуу Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы начальниги Талантбек Исаев парламентарий Каныбек Иманалиев менен жолугушуу учурунда столдун алдынан «тыңшагыч» таап алганын айтып чыккан. УКМК ошол кезде иликтөө баштап, бирок анын жыйынтыгы жөнүндө азыркыга чейин белгилүү боло элек.