Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Бишкекте жаңы борбордук мечит ачылды — бул Борбор Азиядагы эң чоң мечит. Мечит 10 миң адамга ылайыкталып, анын курулушуна 25 млн доллар кеткен. «Клооп» мечиттин интерьери менен короосун VR-панорамада көрсөтөт.

Жаңы мечит 2-сентябрда ачылган. Мечиттин ачылышы салтанатына Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган катышкан.

10 миң адамга ылайыкталып салынган мечиттин курулушуна 25 млн доллар кеткен — бул каражатты Түркиянын «Диянет» фонду бөлүп берген. Имараттын архитекторлору Түркиянын жарандары, ал эми аны негизинен кыргызстандыктар курушкан.

Бишкек мэриясы мечиттин курулушу үчүн 3,26 гектар жер бөлгөн. Мурда жаңы мечиттин ордунда Ысык-Көл кинотеатры менен гүлбакча бар болчу.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Панораманы көрүш үчүн сүрөттү басыңыз

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Сүрөт: Арсений Мамашев, Тилек Бейшеналиев

Жактыбы? Анда бул материалды досторуңуз менен бөлүшүңүз.