«Сапаттын» студенттери. 2017-жыл. Сүрөт: Sapat Student Council

Буга чейин түрк элчиси «Сапат» лицейлери Түркиянын мамлекеттик «Маариф» фондунун башкаруусуна өтөөрүн билдирген.

Эмне болду?

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат 10-сентябрда Түркиянын мамлекеттик «Маариф» фонду «Сапат» лицейлерине көзөмөл алаарын, себеби алар «түрк салык төлөөчүлөрүнүн акчасына курулганын» билдирген.

Буга чейин кыргыз бийлиги «Сапат» лицейлери «Маарифке» өткөрүлбөсүн, ал эми фонд Кыргызстанда буга альтернатива катары түрк лицейлерин ачаарын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү министрлигинен түрк элчисинин билдирүүсүнө жооп кылып, эгер «Сапаттын»  түзүүчүлөрү макул болбосо, аталган билим берүү мекемеси «Маариф» фондуна өткөрүлбөсүн айтышты.

«Кандайдыр бир кайра түзүлүүсү, же мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечим, Уставга ылайык, [Сапаттын] негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат», — деп айтылат Билим берүү министрлигинин пресс-релизинде. Ал эми мекеменин башчысы Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстан менен Түркия «Сапаттын» «Маариф» фондусуна өткөрүлүшү таптакыр талкууланбаганын айтты.

11-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Түркиянын элчиси чакыртылып, ага «коомчулукка объективдүү гана маалыматты жеткирүү» айтылган.

«Сапат» 16 лицейден, «Ататүрк-Ала-Тоо» университетинен жана төрт мектептен турат. Анын негиздөөчүлөрү: Орхан Инанды, Жолдошали Көчкөнбаев, Майрамбек Жумалиев жана Кыргызстандын Билим берүү министрлиги. «Сапаттын» басма сөз кызматы Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билдирүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартты.

Эмне үчүн Түркия «Сапатты» алгысы келет?

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү борбору оппозициячыл диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери менен байланыштуу деп эсептейт.

Түркияда Гүлен 2016-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча айыпталууда, ошондуктан анын «Хизмет» кыйымылына тыюу салынган. Түрк бийлиги Гүлендин тарапташтарынын жарымын FETO террористтик уюмунун мүчөлөрү деп атап, бир нече жолу Кыргызстандан «Себат» лицейлерин жаап салууну суранган.

Кыргызстан анда баш тартып, бул эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин сууп кетишине алып келген. Бирок 2017-жылы мектептердин «Себат» деген түрк аталышы кыргызча «Сапат» деп өзгөртүлгөн. Ал эми «Сапаттын» түзүүчүлөр курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирген.

Андан соң 2017-жылы ошол кездеги спикер жана кыргыз парламентинин депутаты Чыныбай Турсунбеков мамлекеттер аралык мамилелерди калыптандыруу үчүн Түркияга барган. Турсунбеков сапарга чыгып келгенден кийин биринчилерден болуп «Сапатты» «Маариф» фонду башкарышы керектиги жөнүндө түрк бийлигинин идеясын ачыктаган.

Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген. Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

Түркиядагы кыргыз оюндары жана Кыргызстандыгы түрк мектептери

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиле Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка келиши менен оңоло баштаган. Эки өлкөнүн башчыларынын  акыркы жолугушуусунда мамлекеттер 2020-жылы өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөөрүн макулдашышкан. Буга чейин оюндар үч жолу катары менен Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Ошол жолугушууда өлкөлөр Кыргызстанда «Сапат» лицейлерине альтернатива боло турчу Түркиянын «Маариф» фондусунун мектептер тармагын ачууну макулдашышкан. Жаңы мектептерди аталганфонд ачат.

«Маариф» фондусу жана Эрдогандын Гүлен менен чыр-чатагы жөнүндө кененирээк биздин материалдан окуңуз: