«Клооп Медиа» Ош шаарындагы бюросуна оператор-монтажер издейт

Учурда Ош шаарындагы бюробузда оператор-монтажер үчүн бир жумуш оруну бар. Талаптар менен таанышып, вакансия сизге ылайык келсе, онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз. Билдирме 20-сентябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Эмне кылыш керек болот?

Оператор-монтажер күн сайын кызыктуу окуяларга көз салып, темаларды команда менен чогуу талкуулашы керек. Окурмандар үчүн видео материалдарды даярдап чыгарууга жоопкерчилик алат. Андан тышкары, түз видео эфирди да чагылдырууга милдеттүү. Кыргыз тилинде сабаттуу жаза алышы кажет. Ошондой эле орус жана англис тилдерин билген талапкерлерге артыкчылык берилет.

Милдеттери кандай?

• Журналисттик жөндөм менен коомдук желелерден жана айлана-чөйрөсүндөгү окуяларды баамдай билет

• Өз алдынча жана команда менен иштей алат

• Сайт жана коомдук тармактар үчүн видео тартып, монтаждап чыгарат

• Түз видео эфирлерди чагылдырат

• Видео материалдарды текст менен коштоп жаза алган

• Жаңы идеяларга ачык, ойлоп тапкыч жана чыгармачыл

• Premiere Pro, Photoshop монтаждоо программаларын мыкты билет (After Effects жана Illustrator программаларын билгендерге артыкчылык берилет)

• 24/7 байланышта болууга макул

Айлыгы канча? Маектешүүнүн натыйжасында макулдашылат.

Онлайн билдирме кабыл алуу аяктады