Коопсуздук кеңеши Мамэкотехинспекциянын бошотулган кызматкеринин коррупция боюнча айткандарын тастыктады

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамэкотехинспекцияда коррупция фактылары болгонун тастыктады. Августта мекеменин мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева өз кесиптештерин коррупция боюнча айыптап, президенттен коргоо суранган.

Сагынбаев билдиргендей, ведомстволор аралык комиссия Мамбеталиевадан коррупция жөнүндө бардык далилдерди алып, Мамэкотехинспекцияда текшерүү жүргүзгөн, бирок аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгы кийинчерээк айтылмакчы.

«Анын видео кайрылуусу чыгаары менен дароо аны менен сүйлөшкөнбүз. Кийинчерээк ал жеке кабылдоого алынып, ал жерден айтылган материалдарды берүүнү убада кылган», — деди Сагынбаев.

Бирок Коопсуздук кеңешинин катчысы тагыраак кимге карата коррупция фактысы аныкталганын ачыктаган жок. Буга чейин Мамбеталиева статс-катчы Таалай Асылбековду, кадр бөлүмүнүн жетекчиси Самат Керимкуловду жана каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлкайыр Жумашеваны коррупция боюнча айыптап чыккан.

Мамэкотехинспекциядагы коррупциянын бетин ачуу

Мамбеталиева 22-августта коомдук желеде Мамэкотехинспекциянын жетекчилигин айыптаган пост жарыялаган. Анын айтымында, мекеме «коррупцияга батып», ал эми өзү «чындык издегени» үчүн жумуштан айрылып калган.

Ошондой эле, Мамбеталиева инспекциядагы коррупция жөнүндө айтып чыккандан кийин коркутуп-үркүтүүлөрдү ала баштаганын ырастаган.

«[коркутуулар болуп жатат] бир гана телефондон эле эмес. Кече кечинде үйдө жок кезимде үч киши келип кетиптир. Ал учурда үйдө кичинекей балдар жана агам бар эле. Алар [үч эркек киши] үйдүн жанында үч саат турушуптур», — деп билдирген ал «Клоопко» курган маегинде.

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, басма-сөз катчы мыйзамдуу эле бошотулган. Андан тышкары, ведомство Мамбеталиеваны иш бөлмөсүн, кызматтык унаасын тапшырган эмес жана мекемеге 200 миң сом карыз болуп калган деп айыптаган. Ал эми Мамбеталиева өзү кадр бөлүмү жана статс-катчы андан иш бөлмө менен кызматтык унааны кабыл алуудан баш тартып коюшкан деп маалымдаган.

«Мен 200 миң сом жөнүндө ички комиссия иликтей баштаганда билдим. Эмнегедир сен карызсың, кийин жаман болуп калат дей башташты. Мен эгер карыз болсом, анда мени биздин ички комиссия, Башкы прокуратура жана каржы полициясы да текшерсин деп айттым», — деп билдирген Мамбеталиева.

Ал 24-августта президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жарыялаган. Анда Мамбеталиева үй-бүлөсү менен балдарын коргоого алууну суранып, коррупционерлердин ысымдарын атаган. 25-августта президенттин администрациясы мекеменин мурдагы кызматкеринин кайрылуусун Коопсуздук кеңеши изилдей турганы боюнча билдирген.