БУУ Кыргызстанды укук коргоочулар коркутуп-үркүтүлгөн өлкө деп тааныды

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш 2017-жылы Кыргызстанга келген. Сүрөт: Султан Досалиев /Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстан БУУнун укук коргоочуларга карата «куугунтуктоо жана коркутуп-үркүтүү актылары» бар делген 38 өлкөдөн турган тизмесине кирди. Буга бийлик 2017-жылы укук коргоочулардын отчётторунун бирин «экстремисттик» деп атаганы себеп болгон.

Укук коргоочулар «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун отчётунда Орусияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттарынын абалын, макамын жана укугун баяндашкан. Ошондой эле, алар 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылыштан кийин Орусияга кеткен этникалык өзбектердин өлкөдөн чыгарылышын сынга алышкан.

Укук коргоочулардын отчёту уюмга кабарланбастан эле «экстремисттик» деп табылган. Андан тышкары, сотко «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» юристтери да катышкан эмес.

Кыргызстандан тышкары бул тизмеге Орусия, Түркия, Сауд Арабиясы, Венгрия, Израиль жана абашка өлкөлөр илинип калган.