Президент Сооронбай Жээнбеков (ортодо) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында. 2018-жыл 2-сенятбрь. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Меймандос катышуучулар, камкор ыктыярчылар жана масштабдуу көрүнүштөр. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары экинчисине салыштырмалуу мыкты уюштурулду. Бирок суроо туудурган принципиалдуу жагдайлар бар — бийлик кимдер үчүн мындай иш-чараларды өткөрүп жатат?

Бул колонканын автору Кыргызстанда туулуп өскөн «Громадське радиосунун» (Украина) журналисти Григорий Пырлик. «Пикир» рубрикасында жарык көргөн материалдар автордун жеке оюн чагылдырат.

Менин «Клооп» үчүн жазган мурдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндөгү колонкам көптөгөн карама-каршы пикирлерди жараткан. Сын такканым үчүн мени колдогондор да, сындагандар да болгон. Эки жылдан кийин мен кайтып келип уюштуруучулар мурдагы оюндардын кайсы кемчиликтерин жоюп, дагы кайсынысынын үстүндө иштөө керектигинин динамикасын байкаштырганды өз милдетим деп эсептедим.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мен 2016-жылы белетсиз, жөн гана көрүүчү катары келгем. Анда мен болгону иш-чараны чагылдырбай эле Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып, көлдү сүйлөшкөн кызыма көрсөтүүнү максат кылгам. Учурдагы оюндарга мен алдын ала «Громадське радиосунун» атынан журналисттик аккредитациядан өтүп койгом. Ошонудктан мен аны кадимки көрүүчү катары караган жокмун, ошентсе да мен оюндардын уюуштурулушун ичинен баалай алам.

Акрредитация алуу жеңил болду. Жөн гана 15-августка чейин Кыргызстандын ТИМине редакциянын күбөлөндүрмөсүн, паспорт, толтурулган анкетан жана сүрөт жөнөтүү жетиштүү эле болду.

Бир нече күндөн кийин тастыктоо да келип калды. Кетүүгө чейин эки апта мурда мага Киевдеги кыргыз элчилигинин кызматкери бир нече жолу чалган. Ал Ысык-Көлгө баруу трансфери жөнүндө сүйлөштүңбү же жокпу деп сурап, ким менен байланышуу керектигин айтып берип жатты.

Григорий Пырлик
2-сентябрь күнү Кырчын жайлоосунда этнофестивалдын ачылышы. Сүрөт: Рустем Ильясов

Биринчи сентябрда уюштуруучулардын командасы журналисттерди «Манас» аэропортунан, вокзалдардан, ал эле эмес чек арадагы көзөмөл өткөрмө бекеттеринен да тосуп алып жатышты.

«Ак Жол» өткөрмө бекетинен ыктырчыларга жолугуп, дароо эле тизмеден өз атымды таап алдым. Алар менин жүгүмдү алып, паспорт көзөмөлүнүн терезесине коштоп келип, андан соң кайсы автобуска отуруу керектигин айтып беришти. Ал коноктордун биринчи сезимин бузуп коюшу ыктымал жабышып-жармашкан такситтер жок жерде, тагыраагы, дээрлик чек ара постунун аймагында турган экен.

Ысык-Көлгө чейин журналисттерди көбүнесе студент кыздар жана балдар коштоп барышты. Ар бир журналистке бирден ыктыярчыны байлап коюшту. Алар программаларды берип, WhatsAppтан суроолорго жооп берип жатышты.

Уюштуруучулар журналисттерге оюндун символикасы тартылган чакан рюкзак, кепка жана чыптамадан турган түйүнчөк таратып беришти. Биздин топту Бостери айлындагы эс алуу базасына акысыз жайгаштырып коюшту. Тамак-аш да кетээр-кеткиче бекер болду. Базадан журналисттерди ат майданга же Кырчын капчыгайына күнүгө маршрутка менен алып барып, алып келип жатышты.

Ачык айтам: уюштуруучулардын пресса менен байланышы жакшы деңгээлде болду. Бизди коштоп, бардыгын көрсөтүп, айтып берип, өзүнчө комментарийлерди уюштуруп берип атышты.

Журналисттер 3-сентябрда этнофестивалдын ачылышында. Сүрөт: Рустем Ильясов

Бирок кемчиликтер да болду. Мага жалпыланган милдет жүктөлгөн — бир макалада көчмөн оюндарын сүрөттөп берүү. Бирок күнүгө жаңылыктардын кечки чыгарылышына материал жөнөтүшү керек болгон кесиптештерим биз жайгашкан жердин интернетине арызданып атышты, чынында ал жерде интернет өтө начар экен.

Бир ирет France-Presseтин Бишкектеги журналистин Кырчынга калтырып кетишип, ал өз акчасы менен келиптир. Ошондой эле кесиптештер спорт оюндарынын, тагыраагы, кайсы команда, качан ойношу керектиги жөнүндө жадыбалды алуунун татаалдыгына нааразы болушту.

Ал эми мен кабылган жагдай абдан эле күлкүлүү болду. Аккредитациянын бейжигин ошо бойдон алган жокмун. Башында аны таба алышпай, бир маалда жаңы сүрөт сурашып, андан соң улам-улам менин бейжигимди алган кызматкер менен талашып-тартышып аттык. Бирок мени баардык жерден ансыз эле киргизип жатышты.

Оюндарды чагылдырганы келген кесиптештер менен сүйлөшүп отуруп, ар биринин айткандарынан өзүнчө окуяларды жасоого болот.

Өзбек журналисти Абдулхамид Чыңгыз Айтматовдон улам Ташкенден Ысык-Көлгө чейин жол киресин өзү төлөп келген. Себеби ал «Ак кемеде» сүрөттөлгөн көлгө барууну максат кылган экен.

Америкалык конструктор жана блогер Жон көптөн бери Орто Азияга кызыгып, Өзбекстанда да болгон. Ошондой эле, ал батыштын аймакты көрбөй же билбей туруп эле жапайы экзотика катары кабылдаганын сындады.

Тай маданияты жөнүндө журналдын ректору жана германиялык этнолог Оливер тайлар менен кыргыздарды бириктирген бир нерсенин бар-жогун түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан учурубузда ошо бойдон түшүнө албай койду.

Оюнду мен жылуу сезимдер менен эстеп турам, анткени кызыктуу адамдар бир жерде чогулуппуз жана алардын айрымдары менин жакшы тааныштарыма айланып калышты.

Оюндардын ачылыш күнүндө бизди ат майданга салтанат башталганга чейин үч саат мурда алып келишкен. Бул да болсо кыраакылык, анткени бардык эл аралык пресса кезек күтүүсүз биринчилерден болуп өтүп, башка көрүүчүлөр кандай кезек күтүшкөнүн көрбөй калышты. Бизди кайра ошондогудай эле, башка машиналар үчүн тосулган жол менен, тагыраагы шаарды карай «артыкчылыгы жок» жарандар кеткен жолду жээктей жөө алып кетишти.

Оюндардын ачылыш аземи. 2-сентябрь. Сүрөт: Рустем Ильясов

Ачылыш аземи абдан сонун болду. Артисттер, түстүү проекция, манасчылар, ат чабыш. Бирок кыжыр келтирген нерсени айтып коюшум керек: эгер бул эл аралык иш-чара катары ойлонуштурулган болсо, жок дегенде салтанаттын негизги жерлерин жеткиликтүү тилде комментарийлеп туруш керек. Болбосо иш-чаранын идеясын кыргыз тилин жетиштүү билбесең түшүнүү оор. Ушул эле нерсени Кырчындагы этно шаарчанын ачылышына байланыштуу да айтмакчымын.

Бул ирет этно шаарчанын өзү мага абдан жакшы таасир калтырды. Дайранын үстүнө эки жыл мурдагыдай контейнер коюлбай, жакшы көпүрө пайда болуптур. Ажатканалар көбөйүптүр, бирок мага ал баары бир эле аздай сезилди.

Ал жерден көптөгөн жакшы көз ирмемдер эсте калды. Ысык-Көл облусундагы мага колдон-колго бир муштум куурулган эт өткөрүп берген меймандос адам. Америкалыктар кыргыз боз үйүндө уюштура калышкан попкорну бар кинотеатр. Музакалык аспаптарда ойногон улуттук кийимчен арабдар. Күн батайын деп калган кезде дарда басып ойногон артист. Кызыктуу оюн жана ырлар. Конокторго карата камкордук. Оюндар үчүн атайылап улуттук кийимдерди кийип, алар жөнүндө каалоочуларга айтып берип жатышкан жылмайган көрүүчүлөр. Айланадагы кооз жаратылыш.

Майрамдын шаңы сезилди. Бирок баары бир эле бул майрам биринчи кезекте өлкө жетекчилиги үчүн уюуштурулган деген сезим кетпей койду. Бардыгы президент Сооронбай Жээнбеков кызыл жол аркылуу чыгып, ага Виктор Орбан мырза келгенин айтыш үчүн; ачылыш аземди көрүп алып элжиреп кетиши үчүн; чайкалып, силкинбей кыйынчылыксыз Чолпона-Атага жетиш үчүн жасалгандай.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-сентябрда Көчмөндөрй оюндарынын ачылышында. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Башкы орунда салык төлөөчүлөр эмес өлкөнүн биринчи адамдары тургандыктан Ысык-Көлдүн жолун тороп, «кымбат эмес» машиналарды айлантып өткөрсө болот. Ат майдандан көрүүчүлөр кантип кетишээрин ойлонбой, машинасы жоктор үчүн тротуар жасабай деле койсо боло берет экен. Кырчынга барчу жолдо кыргыздын үрп-адаты менен таанышкысы келгендер тыгында канча убакыт тураарын ойлонбой деле койсо болот. Биздин, прессанын, автобустары турган тыгындын жанынан кортеждер өтүп жатты. Админресурс да колдонсо болот. Административдик шаарчалардын бириндеги боз үйдүн жанындагы адамдар мага бул жерде жүрүү алардын жумушу жана милдети экенин, алар айыл өкмөтүнөн келишкенин айтып беришти.

Мен көргөн эң эле кооз жана абдан мыкты уюштурулганы — бул Бостеридеги амфитеатрдын ачылыш аземи менен этнофестиваль болду. Бул жерде катышуучулар үч тилде өнөр көрсөтүштү, кызыктуу костюмдар. Маданияттарды мыкты тааныштыруу: комуз кармаган акын, алтайдын модель кыздары, тувалык ырчы, музыканттар.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстан үчүн жана жеке мен үчүн маанилүү окуялардын бири болуп калды. Мен бул жакка алыстан келген адамдар менен сүйлөшүп отуруп, окуянын маанилүүлүгүн сезе алдым. Мени Украинанын спорт федерациясынын президенти кыргыз милициясын картаң адамдарга көрсөткөн сый мамилеси үчүн мактаганы сүйүнттү. Мен ар башка тилде сүйлөгөн журналисттер менен спортчулардын арасында өзүмдү дүйнө жараны катары сезе алдым. Мен, менин боордош мекеним дүйнөдө бренд болуп кала турган абдан жаркын иш-чара ойлоп тапканы үчүн кыбанычтамын жана сыймыктанам.

Бирок мен бул кубаныч менен сыймык тумансыз болушун каалайт элем.