Ырчы Зеренин «Кыз» аттуу клибинен кадр

Ырчы Зере «Кыз» аттуу ырынын клибин чыгарды. Анда ал кыздарга кандай жашоо керектигин үйрөтүү зарыл эместиги жөнүндө ырдайт. «Клооптун» редакциясы клипти көрүп чыгып, сиздерге сунуштайт.

«Кыз» аттуу ырдын өзү эки ай мурун жарык көргөн. Бирок, анын клибин ырчы кечээ жарыялады. Жыйынтыгында жаралган видеотизим менен ырдын комбинациясы аялдардын укугу менен эркиндиги жөнүндө манифест болуп калган.

Эмне үчүн?

Негизинен ырчы башка адамдардын (өзгөчө аялдардын) жашоосуна кийлигишпөөгө үндөп, «Неге болом сен айткандай, же көпчүлүк каалагандай?» деп суроо салган.

Клиптин идеалдуу эмес көркөм аткарылышына жана ырдын текстиндеги жылмакай эмес сөздөрүнө көңүл бурбай деле койсо болот. Анткени ал маанилүү деле эмес. «Кыз» аттуу ырда биз ар башкабыз жана эмне кааласак ошону жасайбыз: кааласак — хижаб киебиз, кааласак — кулагыбызды тештиребиз, кааласак — чачыбызды кызгылт көк түскө боёйбуз, кааласак — инстаграмга пост чыгарабыз, кааласак — татуировка кылдырабыз деген чакырыктын өзү маанилүү. Эгер силер биздин каалообузга каршы болсоңор, анда баары бир «заман өтөт», «эркиндик келет».

Убакыт келсе, заман өтсө кандай өмүр сүрөм үйрөтпөсө

«Мындай кыл сен», «Андай кылба» деген сөздөр айтылбаса

Неге болом сен айткандай, же көпчүлүк каалагандай,

Адам болгонум — сөз эркиндигим.

Зере өзү сын-пикирден коркпостугун, анткени ар бир талкуу — бул алдыга карай жол экендигин «Клооптун» журналистине курган маегинде айтты.

«Адамдар клиптин башында жарым-жартылай жылаңач экенимди көрүп, мени начар жана бузулган кыз деп ойлой башташат. Бирок клиптин аягында алар менин оюм таза экенин түшүнүшөт. Демек мен андай деле жаман эмесмин. Бул көрүүчүнүн калыптанып калган оюн жок кылуу процесси», — деп түшүндүрдү ырчы.

Ырчы клипти «максималдуу түрдө чындыкка окшоштурууну» каалап, «ар түрдүү кыздарды көрсөткүсү» келгенин айтты. «Анын маңызы сен кандай коомдон болгонуң маанилүү эмес, өзүңдү жакшы көр, башкалардын тандоосун сыйла деген чакырыкта», — деди ал.