Human Rights Watch уюмунун баяндамасы

Кыргызстандын укук коргоо органдары «экстремисттик» материалдарды сактоого шектелип кармалгандарды коркутуп-үркүтүшөт жана кыйнашат — бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму өзүнүн жаңы баяндамасында билдирди.

2014-жылы Тохирдин (аты өзгөртүлдү) үйүнө УКМКнын 10 куралчан кызматкери кирип барган. «Эшиктин кулпусун бузуп, үйгө кирип келишкен, бирөөсү башыма, оозума тапанча менен чапкан. Бөлмө канга боёлуп  калган эле», — деп айткан ал HRWга курган маегинде.

Тохир тез жардам чакыргысы келген менен бирок УКМКнын кызматкерлери фельдшерди киргизбей коюшкан. «Мен кайра чалдым, фельдшер бөлмөгө киргенде жүрөгү түшүп, бат-баттан менин башыма бинт орой калып чуркап чыгып кетти», — деген ал.

Тергөөчүлөрдүн ырасташынча, Тохир кызматкерлерди бычак менен коркутуп, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн. Ал эми Тохир жанында бычак болгонун жашырган жок, бирок ал бычакты эшикти талкалай башташканда коргонуу үчүн көтөрүп алганын айткан.

Анын адвокаты HRWга айткандай, кызматкерлер Тохирдин жашы жете элек кызын бир нече жолу далыга тебишкен: ал кезде кичинекей кыз атасын коргогусу келген. Кызматкерлер 40 мүнөттөн кийин тинтүү ордерин көрсөтүшүп, Тохирин үйүнө калыс-күбөлөрдү алып келишкен. Ошондон кийин аны УКМКнын Ош шаардык башкармалыгына алып кетишкен.

«Мени моралдык жана физикалык жактан кемсинтип, видеого тартып, бетке чапкылашы. Бул сегиз саатка чейин созулду. Андан кийин жер төлөөдөгү чакан камерага алып барышып, ал жерде эки суткадай жаттым», — деп айтып берген Тохир. Анын айтымында, ага тамак-аш берилген эмес, ажатканага барган кезде гана бир жолу суу иче алган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Тохир кыйноого кабылганы жөнүндө билип калып, Ошко барышкан. Бирок алар Тохир менен жолугуша албай коюшкан.

Тохирге эки күндөн кийин гана медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анда аны сынык жаракат бөлүмүнө УКМКнын кызматкерлери алып барышкан. Анын баш сөөгү жабыркап, денесинде көгала жана шишиктер табылган. Сот ал кармалган күндөн бир жыл өткөн соң анын кыйноо жөнүндө арызын далилдердин жоктугуна таянып канааттандырбай койгон.

Кыйноо жана опуза

Жалпысынан HRWнын укук коргоочулары экстремисттик материалдарды сактоо үчүн соттолгон 11 кыргызстандыкты сурамжылашкан. Алардын алтоосу кармалгандан кийин күнөөнү мойнуна алган көрсөтмө алыш үчүн ур-токмокко алынып, кыйноолорго туш болгонун айтып беришкен.

«Бирөөсүн ичке чапкылай беришип, чыдамы кеткенде кыйкыра баштаган. Ошондо аны токмоктоп жатышкан бөлмөнүн эшигин башка милиционер ачып баш багып, эшикти кайра жаап койгон», — деп айтып берди баяндаманын автору Летта Тейлер «Клооптун» журналистине.

Көпчүлүк учурда экстремисттик материалдарды сактоо үчүн шектелгендерди ИИМдин 10-башкармалыгынын жана УКМКнын кызматкерлери кармашат.

Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигине кайрылып, алардан укук коргоо органдарынын ишиндеги эреже бузуулар жөнүндө билээр-билбесин сурашкан. Бирок алар түз жооп ала алышкан эмес.

Өкмөттөн үч адам «кыйноолор, далилдерди жашырын таштап коюу жана опузалоо бар экенин» HRWнын изилдөөчүлөрүнө жашыруун бойдон калуу шарты менен айтып беришкен. Ошентсе да алардын ичинен экөөсү бул системдик мүнөздө эмес деп ырасташкан.

«[Терроризмге каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө] укуктар менен эркиндикти бузуп, эскиче иштеген кызматкерлер менен жетекчилер бар», — деп билдирген аткаминерлердин бирөөсү укук коргоочуларга.

Ал эми Башкы прокуратурадан укук коргоочуларга күч органдарынын кызматкерлери экстремизмге шектелгендерди кыйноо үчүн эч качан жоопкерчиликке тартыла электигин айтышкан.

Жалган далилдер

HRWнын изилдөөчүлөрү өз баяндамасында кыйноолордон тышкары Кыргызстандын жашоочуларына кантип «экстремисттик» материалдарды жашыруун таштап коюшаары жөнүндө да айтышкан. 2017-жылы Сухроб (аты өзгөртүлдү) үч жылга кесилген. Тинтүү учурунда андан «экстремисттик» журнал жана Кыргызстанда тыюу салынган уюмдун үч барак тексти табылган.

Сотто ал бул материалдарды ага тинтүү учурунда таштап коюшканын айткан. Бирок буга карабастан аны үч жылга соттоп жиберишкен. Бир нече айдан соң ал ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

«Бул материалдар менде болуп калганын эч ким көргөн эмес: үй-бүлөм, кошуналарым жана өзүм да. Качан болбосун бизди жалган далилдер менен кайра камап салышат деген коркунучта жашап келебиз», — деп айтып берген Сухроб HRWнын изилдөөчүлөрүнө.

HRWнын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2010-жылдан тарта экстремисттик материалдарды сактоо үчүн 258 адам соттолгон.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде экстремисттик материалдарды сактоо жана жайылтуу жөнүндө 299-2 беренесинде айтылат. Бирок ошентсе да «экстремизм» же «экстремисттик материал» деген эмне экендиги түшүнүсүз бойдон калууда.

Кыргызстанда кандай жарыя экстремисттик деген түшүнүк болуп эсептелээрин сот чечет. Бул Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизасынын негизинде прокурордун талабы менен ишке ашат.

«Укук коргоочулардын бул комиссиянын мүчөлөрүнүн калыстыгы менен компетенттүүлүгүнө карата суроолору бар. [...] Биздин изилдөөчүлөр бийлик көпчүлүк учурда бул беренени эч бир зомбулук актысын жасабаган, жөн гана тыюу салынган адабиятты сактаганы үчүн же болбосо исламдагы консервативдик тарапты карманган адамдарды камаш үчүн колдонушаарын аныктаган», — деп айтылат HRWнын отчётунда.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын сын-пикиринен кийин парламент бул түшүнүктү 2019-жылы күчүнө кире турган Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясына кайра кайтарган.

«Бирок өлкө жетекчилиги реформа кечигип жатканын жана аны ишке киргизүүнүн мөөнөтү жылып кетүү коркунучунда турганын айтууда», — деп ырасташууда укук коргоочулар.