«Ак Шумкар» ордени. Сүрөт: Султан Досалиев/Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Контекст: Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын ноябрында президент болуп калаары менен өз бийлигин өткөрүп берген Алмазбек Атамбаевди «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы жана «Ак Шумкар» ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Андан бери дээрлик бир жыл өтүп, мурдагы жана жаңы президенттин мамилелери бузулуп кеткен. Ал эми Атамбаев ошо бойдон орден менен сыйлана элек.

Эмне болду? Атамбаевди сыйлоо жөнүндө маселени 13-сентябрда кыязы мурдагы президенттин парламенттеги акыркы тарапкерлеринин бири жана КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина көтөрүп чыкты. Ал Атамбаевди сыйлоо тууралуу жарлык бар, а бирок орден дагы деле жок экенин билдирди.

«Ошол жарлык расмий түрдө жарыяланып, күчүнө кирген. Аталган сыйлыктан эч ким баш тарткан эмес. Президенттин бардык жарлыктары аткарылып жатат, бирок ошол эле жарлык эмдигиче аткарыла элек. Бул сыйлык тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков оозеки да айтып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеген», — деди Карамушкина.

Президенттин администрациясынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдиргендей, Жээнбеков азырынча Атамбаевди сыйлоону пландай элек. Басма сөз катчы кошумчалагандай, 2017-жылы жана 2018-жылдын башында экс-президент орденди «кабыл алуу каалоосун» айткан эмес.

Бирок Стамалиеванын билдирүүсүн КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева четке какты. Ал мурдагы президентти сыйлоо «макулдашылганын» билдирди.

Мындан тышкары, басма сөз катчы Атамбаев менен Жээнбеков жолугушушканын, ал эми сыйлык Тарых музейи реконструкцияланып бүткөн соң анын ачылышында тапшырылаарын кошумчалады. Бул качан болоору белгисиз, себеби музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Бул эмне үчүн маанилүү? Эгер Атамбаевди сыйлоо күнү аныкталып, Жээнбеков ага орден тапшыра турган болсо, анда бул эки президенттин үстүбүздөгү жылдын март айында болгон араздашуусунан кийинки алгачкы жолугушуусу болуп калат (эки саясатчы тең азыркыга чейин алардын мамилеси бузулуп кеткендигин тастыктап же четке кагыша элек).

Атамбаевдин Жээнбеков менен жолугушууга бир нече мүмкүнчүлүгү болгон. Экс-президент 31-августта Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого жана 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын сегиз жылдыгын белгилөөгө чакырылган. Бирок экөөндө тең Атамбаев келген эмес, ал эми анын келбестигин ден соолугуна байланыштуу деп түшүндүрүшкөн.