Сүрөт: Султан Досалиев/Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Нью-Йоркко болгон сапары учурунда «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл койду.

Ал Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясындагы жалпы дебаттарга катышуу үчүн барган. Андан тышкары, Жээнбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутериш менен жолугуп, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн ачты.