Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жубайы Айгүл Токоева АКШнын президенти Доналд Трамп жана анын аялы Мелания Трамп бирге сүрөткө түшүштү. Бул кыргыз президентинин америкалык кесиптеши менен бирге түшкөн алгачкы сүрөтү.

Жээнбеков Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясындагы жалпы дебаттарга катышуу үчүн барган. Кыргыз президенти БУУда сүйлөп жатып Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү жана 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун маанилүүлүгү жөнүндө билдирди. Ошондой эле, ал өлкөнүн БУУга тынчтыкты сактоого жана глобалдык өнүгүүгө жардам көрсөтүүгө ынтызар экенин айтты.

Андан тышкары, Жээнбеков «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл коюп, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнү ачып, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.