Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев стадионунда 26-сентябрь күнү «Алай» клубу менен «Дордой» командасы беттешти. Топ-Лиганын 22-турунун алкагында өткөрүлгөн оюндун жыйынтыгы коноктордун 0:2 эсебинде жеңиши менен аяктады.

Матчтын биринчи таймында «Алайдын» футболчулары чабуулда болушту. Ал арада «Дордой» клубу коргонууга өтүп, дарбазачысы Валерий Кашуба атаандаштарына гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербеди. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп ачылган жок.

Экинчи таймдын 51-мүнөтүндө «Дордойдун» жарым коргоочусу Муролимжан Ахмедов командасына алгачкы голду алып келди. Матчтын 59-мүнөтүндө ушул эле команданын дагы бир жарым коргоочусу Эрнест Батырканов «Алайдын» дарбазасында экинчи голду киргизди.

Жыйынтыгында Кыргызстандагы күчтүү делген клубдардын беттеши 0:2 эсебинде «Дордойдун» жеңиши менен аяктады. Аталган матчтын мыкты оюнчуларынын бири Эрнест Батырканов «Алай» клубун артта калтыруу оңойго турбаганын белгиледи.

«Башында эле жеңиш биздики болот деп ишенгенбиз. Оюн оор болду. "Алай" абдан күчтүү команда. Андагы ар бир оюнчу мыкты. Биз максатыбызга жеттик. Кудай буйруса чемпион болобуз», — деди «Дордойдун» жарым коргоочусу Батырканов.

Конокто ойногон «Дордой» клубунун машыктыруучусу Игорь Кудренко биринчи таймда эсеп ачылбаганы менен беттештин экинчи бөлүгүндө футболчулар оюнга түзөтүү киргизүүнүн натыйжасында жеңишке жетишкенин айтат.

«Ошто ойноо дайыма оор. Анткени “Алай” чемпион да. Биринчи тайм ойдогудай болгон жок. Экинчи таймда балдар менен оюн ыкмасына өзгөртүүлөрдү киргизип аны аткардык. Жыйынтык бизди канааттандырды», — деп сөзүн жыйынтыктады Кудренко.

Талаа ээлери болгон «Алайдын» машыктыруучусу Бакыт Маматов даярдык жакшы болгонуна токтолуп, оюнда команданын мурдагы чабуулчусу Алия Силланын жоктугу билингенин кошумчалады.

«Көрдүңөр каталар болуп атты. Анын жыйынтыгы менен эки гол кирди. Биздин коргоочулар бир аз өздөрүн таштап коюшту. Даярдык жакшы болчу, жаман болгондо алар беттештин аягына чейин чуркай алышпайт эле. Эми футболчулар да жыйынтык чыгарышат», — деди Маматов.

Учурда Кыргызстандагы клубдар арасында өлкө биринчилигинде «Дордой» 47 упай менен турнирдик жадыбалдын сап башында турат. Экинчи орунда 45 упай менен «Абдыш-Ата» келе жатат. «Алай» клубу менен «Алга» 42 упай менен үчүнчү орунда.

Ушул жылдын 18-майында «Алай» жана «Алай-2» футбол клубдарынын бир нече оюндарына техникалык утулуу жазылган. Ага клубдагы оюнчуларынын бири жасалма документке ээ болгону себеп болгон. Кийинчерээк упайлар кайра кайтарылган.

Көп өтпөй эле «Алай» командасынын мурдагы чабуулчусу Алия Силла 10 оюнга четтетилген. Бул жазалоого 20-май күнү Кант шаарында «Алга» менен «Алай» командаларынын беттешиндеги Силланын агрессивдүү оюн көрсөткөндүгү себеп болгон. 

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты же Топ-Лига — бул өлкөнүн күчтүү командаларынын арасында өткөрүлгөн матч. Ал 1992-жылдан тартып өткөрүлүп келет.

Бул чемпионат жыл сайын апрель айында башталып, ноябрь айына чейин уланат. Топ-Лига 28 турдан туруп, 8 футбол клубу өз ара беттеш өткөрүшөт.

Сүрөттөрдүн автору: Айдана Марс кызы 
Редактору: Элвира Акимова