Сооронбай Жээнбеков Ашхабадга учуп келди/Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапарлар үчүн кадимки эле учак каттамдарын бир нече жолу пайдаланган.

Андан соң жүргүнчүлөрдүн президент менен түшкөн сүрөттөрү коомдук желеде пайда болуп, ал адамдардын оң баасына татыган: президенттин жөнөкөй жарандар менен кошо учуп, №1 бортту колдонбогонунан башка дагы сонун эмне болушу мүмкүн?

Бирок Жээнбековдун жарандык каттамдар менен учканынын себептери кыйла эле кадыресе көрүнүш, анткени заманбап учак үчүн бюджетте каражат жок.

Парламенттин депутаты Абтандил Кулбараков 19-сентябрда борт номери EX-00001 президенттин Ту-154 учагы эскирип, өлкө башчысына жаңы учак керектигин айтып чыкты.

«Баарыбызга маалым болгондой президентибиз Сооронбай Шарипович керектүү учурларда эл менен чогуу Ошко, ошондой эле, Москвага да жалпы каттамдагы учак менен учуп жүрөт. А бирок расмий мамлекеттик сапарларда антип барууга мүмкүн эмес болгондуктан 25 жыл мурда чыккан учакта учууга мажбур», — деп билдирген Кулбараков.

Анын пикири боюнча, жаңы учак керек, анткени Жээнбековду сапарларда депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана президенттик администрациянын кызматкерлери коштоп барышат.

Бирок, кыязы президентке эч ким жаңы борт сатып бергиси келбей жаткандай.

Президенттин администрациясынан учак сатып алуу маселеси алардын компетенциясында эместигин «Клооптун» кабарчысына айтышып, Мамлекеттик жарандык авиация агенттигине кайрылууну суранышты.

Бул агенттиктин башчысы Курманбек Акышев депутаттардын талаптары жөнүндө эч нерсе билбесин айтты. Ошондой эле, анын айтымында, азыр жаңы учак сатып алуу планы жок.

Кара тизменин таасири президенттерге тийбет

Кыргызстандын аба жолунун тарыхы анчейин деле жакшы эмес. Бүгүн алар, негизинен, Орусияга, Казакстанга жана Кытайга катташат.

Европага кыргыз аба каттамдары 2006-жылдан бери уча алышпайт. Ал учурда Европа комиссиясы өлкөнүн бардык авиаташуучуларын кара тизмеге киргизген.

Бирок президенттик бортту тейлеген «Эйр Кей Жи» авиа компаниясына бул тыюу таасир этпейт, себеп дегенде кара тизменин коммерциялык каттамдар үчүн гана таасири бар.

«[Президенттик борт] дүйнөнүн ар бир бурчуна бара алат, уруксат бар. Учактын абалы жакшы. Аны менен президент, премьер-министр жана спикер учуп жүрөт. Учакты “Эйр Кей Жи” компаниясы тейлет», — деди Курманбек Акышев.

Президенттик учактын пилоту Турар Исмаилов Ту-154 боюнча карама-каршы билдирүүлөрдү жасоодо. Ал 2015-жылы «Азаттык» радиосуна курган маегинде советтик учак эскирип, үнү абдан катуу чыга баштаганына арызданган. Бирок ал ошол эле маегинде аба кемесин мактап, №1 борттун «абалы абдан жакшы» экенин айткан.

Ошентсе да Жээнбеков 2017-жылдын аягында президент болгондон тарта номур биринчи борт менен алыска сапар тарткан эмес. Ал эң эле алыс дегенде президенттик учакта Минскке барып келген.

Бактылуу жүргүнчүлөр

Президент сентябрда БУУнун Нью-Йоркто өткөн Башкы ассамблеясына «Түрк аба жолдору» менен учуп барган. Анда коомдук тармактарда президенттин жүргүнчүлөр менен түшкөн сүрөтү тарап кеткен.

«Бул каражатка байланыштуу. Америкага чейин [учуу] абдан кымбат турат. Андан тышкары, делегация чоң эмес болчу, ошондуктан ал ушундай чечим кабыл алган», — деп түшүндүрдү Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен Курманбек Акышев.

Жээнбеков президенттик кызматка келгенден бери Нью-Йорктон тышкары, жарандык каттамдар менен жеке иштери боюнча Ошко жана Москвага футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына барып келкен.

Өкмөт жана парламент жаңы президенттик учак үчүн акча таппаса да, Жээнбеков жок дегенде жүргүнчүлөрдүн алкышына татып отурат:

Видеодогу фраза: «Кымбаттуу жүргүнчүлөр, биз менен кошо президент учуп бара жатат!»

Комментарийдеги мактоолор:

snm_kg «Аллах Таалам колдосун мамлекет башчыбызды».

zarina.nurova55 «Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен намаз окуган, ыймандуу адамдар деп уктум. Эл менен бирге келсе, анда элдин көйгөйүн билейин деп жүрөт. Ушул кишинин колунан Кыргызстан оңолот деген чоң үмүтүбүз бар».

Abduvalieva_raikana «Бул эң сонун көрүнүш! Адам баласы канчалык бийиктеген сайын ылдый болушу керек! Эл менен болушу керек. Биз үчүн Чоң сыймык!»

urmatbek_maturaimov «Президентибиз кыргыздын жакшы сапатын көрсөттү. Сыймыктанам».