Жарандык автивист Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун акиминин Турак жай коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары болуп дайыналды. Бул тууралуу 2-октябрда белгилүү болду. Аны бул кызматка калаа мэри Азиз Суракматов дайындаган.

Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын «Клоопко» билдиришинче, Аскарбеков мэриянын жарандык активисттер менен шаарды жакшыртуу боюнча жолугушуусуна жигердүү катышкандыгы үчүн бул кызматка дайындалган.

«Турак жай коммуналдык чарба тармагы боюнча сунуштардын көпчүлүгү Мавляндан түштү. Ал эми бизде бош кызмат орду пайда болуп, ага [жумуш] сунуштадык», — деп түшүндүрдү ал.

Бул эмне үчүн маанилүү? Негизи жергиликтүү администрациянын кезектеги аткаминеринин дайындалышында маанилүү деле эч нерсе жок — бул адамдардын ысымдары ЖМКда чанда эле пайда болот жана алар анчейин деле элге ачык болушпайт. Бирок Аскарбековдун дайындалышы бөтөнчө учур болууда.

Мавлян Аскарбеков — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин режимин жигердүү сындагандардын бири. Ал бир нече ирет каршылык акциялары менен митингдерди уюштуруп, ошондой эле, дагы бир нече жолу кармалган.

Аскарбеков өз ишмердүүлүгүн 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин баштаган. Алгачкы бир нече жылда ал Ала-Тоо аянтындагы аялдын («Эркиндик») эстелигин алып салуу керектигин колдоп, сектанттарга каршы күрөшүп, ЛГБТга каршы чыгып, бажычыларды жана башка аткаминерлерди сындаганы менен белгилүү болуп калган.

Кийинчерээк анын акциялары саясий мүнөзгө өтүп, анын сыны негизинен президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аракеттерине багыттала баштаган. Активисттер менен бирге бийликке каршы уюштурган Аскарбековдун акциялары төмөндөгүдөй аяктаган:

Атамбаев кеткенден кийин Аскарбеков бийликти ачык сындоону токтоткон. Ал жаңылыктарда болгону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынын кылмыш ишине (аны бүгүн 2-октябрда мөөнөтү өтүп кеткендиктен жокко чыгаршыты), депутат Дастан Бекешев менен сот араздашуусуна жана Дача-СУ кыштагында учак кыйроосунан каза тапкан үй-бүлөлөрдүн жана жабыркагандардын укугун коргоо маселелерине байланыштуу эле пайда болуп турган.

Аскарбековдун дайындалышына карата реакция ар түрдүү болду:

Аскарбеков өзү акимиатта иштөөгө макул болгондугун Кыргызстанда бийлик алмашканы менен түшүндүргөн. «Мурдагы башкармалар менен, белгилүү болгондой эле, менин пикир келишпестигим бар болчу. Бирок азыр иштеп көрөйүн деп чечтим. Мага сунушташканда көпкө ойлондум, бирок акимиатта аткаруучулар отурушат», — деп билдирген активист «24.kg» басылмасына.

Авторлоштору: Айсымбат Токоева, Кайрат Кулжабаев