Атамбаев «Бишкек жылуулук борборундагы авария тууралуу чындык» макаласын жазды. Супер кыскача баяндоо

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Мен 2012-жылы президент болуп калганда өлкөдө электр энергия тармагынын абалы кейиштүү болчу. Кыргызстан Өзбекстандан жана Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлинен көз каранды эле. Биз «Газпром» менен келишим түзүп, бул абалды оңдой алдык. Ал эми Бишкек ЖЭБди жаңыртууга байлыныштуу болсо, Кытайдын ТВЕА компаниясын тандоо белгилүү эле болчу, анткени алар жогорку кубаттуулукта абдан эле аз бааны сунушташты. Эгер бул реконструкция болбогондо, анда 2018-жылы январда ЖЭБде болгон аварияда Бишкек кыйроо абалына кептелип калмак, жаңыртуу шаарды сактап калды. Жаңыртуу учурунда уурдоо болушу ыктымалдыгын четке какпайм. Бирок авария үчүн азыр тергөө изолятордо отурган аткаминерлер эмес, адам фактору күнөөлүү. Алар, тескерисинче, шаарды кыйроодон сактап калышты. 2016-жылы Кыргызстанды жылытуу сезонуна даярдагандар жөнүндө ойлонуп көргүлө. Эмне үчүн аларга тергөө кызыкпайт?

Контекст: Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 2018-жылы январда Бишкек ЖЭБде болгон аварияга карата алгачкы реакциясы. Авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө жана аны жаңыртуу боюнча келишимди изилдөөнүн жыйынтыгына байланыштуу жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалган (көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары): мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурдагы энергетика министри жана депутат Осмонбек Артыкбаев жана экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Кармоонун бардыгы мурдагы жана учурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамилелердин бузулуп кетишинин шартында болгон.

Тексттин үстүнөн иштегендер: Айдай Эркебаева жана Рустам Халимов

ТЕМА БОЮНЧА: