1-октябрь күнү Чүй проспектиси жана Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде маршрутка милициянын инспекторун сүзүп кетти.

ЖКККББнын версиясы боюнча, ал жогору ылдамдыкта келе жаткан транспортту токтотуш үчүн жөө кыяга чуркап чыккан. Бирок унаа ылдамдыгын дээрлик азайтпастан аны сүзүп кеткен.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын видеосун көрүңүз:

Инспектор аман калган, бирок анын сан сөөктөрү сынган болушу мүмкүн.

Эмне үчүн мындай болуп жатат?

Мындай окуя бир эле милиционер менен эмес, дегеле ар бир бишкектиктин жашоосунда болушу ыктымал.

Бул жерде кеп маршруттук таксинин айдоочусу, балким жогору ылдамдыкта келе жатканында же өзүн агрессивдүү алып жүргөнүндө жана жол эрежесин сактабай койгондугунда да болушу мүмкүн эмес.

Башкы көйгөй эмне үчүн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү уланып атканында, жөө кыялар кандайча уюшулганында болууда. Алар дароо эле жолдун төрт тилкеси аркылуу жол чырагы жок жерде коюлган, өз кезегинде бул жарандар үчүн коркунуч жаратууда. Ички тилке менен келе жаткан айдоочу жөө жүргүнчүнүн алдынан жөн гана токтоого үлгүрбөй калат.

Бул видеону көрсөңүз, Орусияда жөө жүргүндөрдү ушундай сүзүп кетишет:

Так эле ушундай жагдай Кыргызстанда да болууда.

Мындай учурларда жөө кыя белгилери дайыма эле жардам бере бербейт, анткени аларды байкоого үлгүрбөй калышат. Белгилерди өзгөчө оң тараптагы мамыда жана тышкы тилкеде токтоп турган автоунаа тосуп алганда байкоо мүмкүн болбой калат.

Абалды кантип өзгөртүү керек?

Азырынча Бишкектин айдоочулары өздөрүнүн, жөө жүргүнчүнүн өмүрүн сактоо боюнча ишеничсиз ыкманы ойлоп таап алышкан: алар жол чырагы жок жөө кыяга жетээрде коңшу тилкеде келе жаткан машиналар ылдамдыкты азайтып же токтоону түшүнүүсү үчүн авариялык белгилерин күйгүзүшөт.

Мындай ыкмада коопсуздук үчүн күрөштүн кемтиктери абдан көп: биринчиден, айдоочунун баары эле авариялык белгини күйгүзө беришпейт. Бирок андан да жаманы, айдоочулардын баары эле бул белгини түшүнүшпөгөнүндө.

Жөө кыяларда өлүмдөр жана жабыркагандардын санын азайтууга айдоочуларга жөө жүргүндөрдү өткөрүүдөн башка арга калтырбаган шаардагы инфраструктуралык гана өзгөртүүлөр жардам бере алат.

Алардын бири — бул жөө кыянын ортосундагы коопсуздук аралчасы.

Эгер жөө кыяда жол чырак жок болсо, анда адамдар катары менен бир тилкеден ашык өтпөшү керек.

Бир нече тилкеден өтүү керектелсе эмне кылуу керек? Эгер бир нече коопсуздук аралчасын куруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жөө жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактоонун дагы бир ишеничтүү ыкмасы — бул жөө жүргүнчү өзү жашыл түстү күйгүзө алган жөндөлмө жол чырагын коюу.

Бишкекте мындай жол чырактардын саны өтө эле аз. Алардын бири Чүй проспектисинде, «Чыгыш 5» кичи районунун аялдамасынын жанында турат — бул инспекторду сүзүп кетишкен жерден бир аз чыгыш жагында:

Бишкектик атайын аймакта күтүү менен коопсуздукта турат. Сүрөт: Google Street View

Бул эмне үчүн натыйжалуу?

Анткени айдоочулар жол кыймылынын белгилерине караганда көбүнесе жол чырактарды байкоого көңүл бурушат. Жөө кыяны этибарга албагандарга салыштырмалуу кызыл белгиден өтүп кеткен айдоочулар аз.

Кыргызстанда 2017-жылы 907 адам жол транспорт кырсыктарынан көз жумган. Эгер жогоруда айтылган ыкмаларды ар бир жөө кыяда колдонсо бул санды кыйла эле төмөндөтсө болот.

Алар канчалык кымбат? Коопсуздук аралчаларын куруу анчалык кымбат же оор деле эмес. Бишкектин бийлиги акыр аягы жолдорду оңдоого деле акча таап жатпайбы жана аралчаларды куруу оңдоп-түзөө иштеринин баасына олуттуу деле таасир эте албайт.

Жол чырактар кымбат, бирок эгер адамдардын өмүрүн сактап калабыз десек, анда балким, бул ошого татыктуу болсо керек.