Башкы прокуратура: Илмияновго каршы кылмыш иши козголгон жок

Икрамжан Илмиянов

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго каршы кылмыш иши козголгонун четке какты.

«Илмияновго карата иш козголгон жок. Балким материалдар бардыр, бирок алар “жашыруун” мөөрү менен келет. Бирок так анын өзүнө карата эч нерсе козголгон жок», — деди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова.

Куватова мекемеде кандай «жашыруун материалдар» бар экенин жана алардын Илмияновго кандай байланышы бар экенин тактаган жок: «Айта албайм [эмне материалдар экенин], бул тууралуу жада калса мага да айтышпайт», — деди башкы көзөмөл органынын өкүлү.

«Жалбырак ТВ» басылмасы 2-октябрда өзүнүн ютуб каналында Илмияновго каршы кылмыш иши козголгону жөнүндө кыска маалыматтык сюжет чыгарган.

Сюжетте журналисттер ырастагандай, кылмыш иши аты аталбаган бизнесменден 150 миң доллар пара алууга байланыштуу ачылган. Андан тышкары, сюжетте Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жөнөткөн деп айтылат.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысынын телефондон берген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, аларга расмий сурам жөнөтүүнү өтүндү. Макала чыгаар алдында журналисттин суроосуна жооп келген жок.

Икрамжан Илмиянов — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал анын айдоочусу болуп иштеп, Атамбаев президенттикке келген соң администрацияда кызмат алып, кийинчерээк өлкө башчысынын кеңешчилик кызматын ээлеп калган.

Илмияновго каршы иш козголгону жөнүндө ушактар мурдагы жана учурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тымызын тирештин шартында пайда болду. Алар ушул жылдын март айында экс-президент Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүн сынга алгандан кийин урушуп кетишкен.

Ал эми Жээнбеков өзү Атамбаевге каршы эч кандай ачык билдирүүлөрдү жасаган эмес жана араздашуу фактысын мойнуна алган эмес. Бирок соңку алты айдын ичинде өкмөттөн Атамбаевдин дээрлик бардык үзөңгүлөштөрү бошотулуп, алардын айрымдарына каршы кылмыш иштери козголгон.

Кылмыш иштери мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго, Бажы кызматынын экс-төрагасы Кубанычбек Кулматовго, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге каршы козголгон.