Ошто изделип жаткан «куралчан» шектүү Ысык-Көлдөн кармалды

Кармалган шектүү Жылдызбек Бекмурзаев. Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Ош шаардык милициясы «куралданган болушу ыктымал» деп издеп жаткан кылмышка шектүү 15 күндөн кийин Ысык-Көлдөн кармалды.

Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымдашкандай, 20-сентябрдан бери Ош шаарынан изделип жаткан шектүү 5-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунда колго түшүрүлдү.

«Ыкчам иликтөө кызматы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын аймагынан 32 жаштагы Жылдызбек Бекмурзаевди колго түшүрдү. Шектүү мурда “каракчылык”, “зордуктоо”, “талап-тоноо” беренелери менен бир канча жолу соттолуп, оор кылмыштарга тиешеси бар делип изделип жаткан», — деп айтылат ИИМнин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, шектүүнү кармоо учурунда жанынан 20 куту гашиш табылган. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенүүдө.

Бекмурзаевди 20-сентябрда Ош шаардык жана облустук милициясы толук курамда издөөгө алган. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков шектүү куралданган болушу ыктымалдыгын «Клоопко» билдирген.

«Куралы болжолдуу автомат болушу мүмкүн. Карапайым адамдарга коркунуч бар, коопсуздук үчүн тез арада кармоо иштери жүрүүдө», — деген Сыдыков 20-сентябрда.

Шектүүнүн Ош шаарында экени кантип байкалган?

Бекмурзаев 2017-жылдын июль айында Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, ошол жылдын декабрында алты айга соттолуп, жазасын угузууда качып кеткен.

Толук 1 жыл, эки ай убакыт өткөн соң «Бекмурзаев болушу ыктымал» деген жаран Ош шаарынан байкалган. Тактап айтканда, 20-сентябрь күнү Ош шаардык милициясынын жана Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Оштогу Курманжан Датка, Навои көчөлөрүнүн кесилишинен «Мерседес 500» үлгүсүндөгү машинаны токтотууга аракет кылышкан. Ага автомобилдин айнектери караңгылатылып, катуу ылдамдыкта жүрүп баратканы себеп болгон.

Айдоочу милициянын буйругуна баш ийбей качып кеткен. Анын артынан түшкөн тартип сакчысы шектүүнүн машинасын Кара-Суу районунун Бостон айылына жакын жердеги трактор оңдоочу жайда турганын көрүп калып, ага жакындоого аракет жасаган.

Бирок айдоочу өз унаасы менен милициянын машинасын сүзүп, талааны көздөй качып кеткен. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков айдоочунун машинасы кийинчерээк талаадан табылып, автомобилден 125 грамм өлчөмүндө белгисиз зат алынганын билдирген.

Редактору: Гүлжан Эшбаева