Бишкектин жер астындагы өткөөлдөрүндө көтөргүчтөрдүн орнотулганына дээрлик бир жыл болсо да, азыркыга чейин иштей элек. Сүрөт: Тилек Бейшеналиев/Kloop.kg

Бишкектин эки жер астындагы өткөөлүндө көтөргүчтөр дагы эле иштебей турат. Аткаминерлердин айтымында, бардыгына аларды тейлөө үчүн акчанын жетишсиздиги себеп болууда. Тейлөө үчүн ай сайын бир нече миң сомдон акча керек. Көтөргүчтөрдү орнотууга 6,7 млн сом кеткен.

Бишкек мэриясы жер астындагы өткөөлдөрдө электр көтөргүчтөрүн 2017-жылы октябрда, шаардын борборундагы эки жер өткөөлү оңдоп-түзөлгөн кезде эле убада кылган. Мындай көтөргүчтөр коляскадагы майыптардын тепкичтер менен түшүп-чыкпоосу үчүн керек.

Мындай көтөргүчтүн алгачкысы декабрда ЦУМдун жанындагы жер астындагы өткөөлдө пайда болгон. Анда мэрия көтөргүчтүн кеч орнотулуп жатканын ал кыргыз-казак чек арасында кармалып калгандыгы менен түшүндүргөн. Бир нече убакыт өткөн соң мэрия электр көтөргүчүн филармониянын жанындагы жер астындагы өткөөлгө орноткон.

Бир жыл ичинде көтөргүч дээрлик пайдаланылган эмес (балким, ал ачылышында эле колдонулса керек). Ал эми кийинчерээк аны техникалык тейлөө үчүн каражат керектелип калган: ар бир төртөөнө ай сайын 1600-1700 сом.

Бул акча бир жылда табылбай, көтөргүчтөр ошо бойдон иштеген эмес.

Көтөргүчтөр «Бишкеклифт» ишканасынын карамагында болушу керек, бирок анын башкы эсепчиси Назгүл Пратова азырынча алар «Бишкеклифттин» карамагына которула элек деп ырастоодо. Анын айтымында, ишкана азырынча Капиталдык курулуш башкармалыгынан (ККБ) керектүү документтерди ала элек.

ККБнын жетектөөчү адиси Актан Касымов каржылоо жана техникалык тейлөө болмоюнча «Бишкеклифт» көтөргүчтөрдү эксплуатация кыла албасын түшүндүрдү.

«Бул маселе Бишкек шаардык каржылоо башкармалыгынан чечилиши керек», — дейт ал.

Көтөргүчтөр иштебей туганда майып адамдар жер астындагы өткөөлдөр аркылуу башкалардын жардамы менен түшүп-чыгууга аргасыз болушууда. Сүрөт: Александра Титова/Kloop.kg

«Бишкеклифттин» директорунун милдетин аткаруучу Эрик Эшимбеков ишкана Бишкек мэриясына көтөргүчтөрдү техникалык тейлөө менен каржылоого акча бөлүп берүүсүн сурап кайрылганын айтып берди.

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова каржы маселеси «Бишкеклифт» көтөргүчтөрдү карамагына алган соң чечилээрин айтат. Ал техникалык тейлөө үчүн ишкананын өз акчасы табылып калышы мүмкүндүгүн да кошумчалады.

Шаар бийлиги көтөргүчтөр ишке берилишине аз калганын далай эле билдирген, бирок алар кандай орнотулган болсо, ошол бойдон иштебей эле турат. Бийлик эки жер өткөөлүн көтөргүчтөр менен жабдуулоого 6,7 млн сом короткон. Аларды тезирээк орнотуш үчүн көтөргүчтөрдү ар башка өлкөлөрдөн сатып алышкан: филармониянын жанындагы көтөргүч Беларусиядан, ал эми ЦУМдун жанындагысы Орусиядан алынып келинген.

«Көтөргүчтөрдү бир фирмадан сатып алуу тууралуу ой болгон. Бирок ал жерде жеткирүүнү узакка күтүү керектелип, өткөөлдөгү оңдоо иштери создугуп кетмек. Ошондуктан ар башка жерлерден алып келүү чечими чыккан», — деп түшүндүрдү ККБдан Актан Касымов.

Буга карабастан көтөргүчтөр кеч, жер өткөөл ачылгандан кийин дээрлик эки ай өткөн соң орнотулган.

Авторлошу: Рустам Халимов

ТЕМА БОЮНЧА: