Эми Ошто муниципалдык унаа токтотмолордо акы алынбайт

Оштун батыш тарабынын Сулайман тоодон көрүнүшү. Сүрөт: Майрамбек Таалайбек уулу/Kloop.kg

Ош шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайларга төлөнүүчү акы алынып салынды. Мындай буйрукка 4-октябрда калаа мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» курган маегинде мындай чечим шаардыктардын нааразычылыгынан улам кабыл алынганын кабарлады.

«Мэрге элдер көп жолу арыз менен кайрылышкан. Буга чейин [адамдар] базардын, мечиттердин алдында муниципалдык авто токтотуучу жай деп туруп акча алынып турган. Негизи токтотмо акысы 10 сом болсо, жумушчулар 20 сом алып койгон учурлар катталып, башаламан болуп кеткен», — деди Абсаттаров.

Анын айтымында, шаарга караган унаа токтотуучу жайларды жоюунун дагы бир себеби анын стандартка жооп бербегени болгон.

«Чет мамлекеттерге чыкканда унаа токтотуучу атайын жайлар каралган. А бизде андай эмес да. Парковка деп акча алат, жолдун четине эле токтойсун. “Эмнеге жолго акча алышат?” деген суроолор көп болгон», — деп кошумчалады Ош мэриясынын басма сөз катчысы.

Буга чейин 26 муниципалдык авто токтотмодон шаар казынасына жыл сайын 2 млн сомго жакын каражат түшүп турган. Абсаттаровдун маалымдашынча, жылдык бюджети 900 миллион сомдой каражатты түзгөн Ош мэриясына бул сумма өтө деле олуттуу жоготуу болуп эсептелбейт.

Мэриядан кабарлашкандай, муниципалдык токтотмолордо акы алууну уланткан адамдарга административдик чара колдонулат. Аны көзөмөлдөө жана айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) жүктөлгөн.

«7-октябрда шаардагы милиция бөлүмдөрүнө эскертүүлөрдү бергенбиз. Эгерде акча чогултуу фактысы катталса, анда “мыйзамсыз акча жыйноо” деп эсептелип тиешелүү аймактык милиция бөлүмдөрү жеринде чара көрүшөт. Азырынча айыппул салгыла деген буйрук жок, “айдоочуларга түшүндүргүлө, ачка бербесин” деген буйрук келген», — деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ош шаарындагы Турак-жай департаментине караштуу Автотоктотмолор секторунун башкы адиси болуп иштеп турган Таалай Кубаталиевдин айтымында, муниципалдык автотоктотмолор өзүнчө ишкана болуп 1999-жылы түзүлгөн. Андан бери ишкананын аталышы өзгөрүп отуруп 2016-жылы Автотоктотмолор дирекциясы деп аталып калган.

«Дирекция өзүн-өзү каржылаган ишкана болгон. Штатта 8 кызматкер жана 20дай парковщик иштеп турган. Ал учурда түшкөн каражаттын 50 пайызы ишкананын керектөөлөрүнө жумшалган. Ал эми 50 пайызы бюджетке которулган», — деди Кубаталиев.

2017-жылы мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен Автотоктотмолор дирекциясы жоюлуп, анын функциялары Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин астында түзүлгөн Автотоктотмолор секторуна өткөрүлүп берилген. Анда муниципалдык унаа токтотуучу жайлардан түшкөн каражаттын 100 пайызы шаар бюджетине которулсун деген өзгөртүү киргизилген.

Муниципалдык 26 унаа токтотуучу жайдын көпчүлүгү борбордук көчөлөрдүн жол четинде жана базарлардын айланасында орун алган. Андан сырткары, маданий эс алуучу жайлардын алды менен ооруканалардын асты да муниципалдык парковка болуп келген.

Кызмат акы алынып салынган муниципалдык унаа токтотуучу жерлердин тизмеси:

1. Шейит Дөбө базары
2. Ун базар
3. «Фрунзе» базары
4. Ноокат өйдөлүшү
5. Моминов көчөсү
6. «Алга Бас» тетик базары
7. «Учкучтар» аллеясы
8. Ош шаардык патрулдук милициясы
9. Райымбеков көчөсү
10. Тешик Таш
11. Курманжан Датка көчөсүндөгү фонтан алды
12. Бухари атындагы борбордук мечит
13. Облустук балдар ооруканасы
14. Ленин көчөсүндөгү «Эко-Исламик банк»
15. Филармония
16. Кара-Суу көчөсү
17. Навои көчөсүндөгү №2 поликлиника
18. Курманжан Датка көчөсүндөгү «Айчүрөк» дүкөнү
19. Разаков көчөсү
20. «Жапалак» унаа базарынын алды
21. «Ала-Арча» кичи базары
22. «Этас» кафеси
23. «Галерея Ош» дүкөнү
24. Жайма базар
25. Бабур театры
26. «Туран» кичи району.

Редактору: Элвира Акимова