Мамбайланыш комитети «Коопсуз шаар» боюнча тендерди жоко чыгаруу тууралуу көз карандысыз комиссиянын чечимин сотко берди

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) «Коопсуз шаар» боюнча тендерди жокко чыгаруу тууралуу көз карандысыз комиссиянын чечиминин үстүнөн доо арыз тапшырды. Мурдараак тендерди Орусиянын «Вега» компаниясы утуп алып, анын жеңишин көз карандысыз комиссия ишкананын мындай сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыргандыгын тастыктаган документтери жоктугуна байланыштуу жокко чыгарган.

МТБМКнын басма сөз катчысы Анара Мамытова, алар доо арызды «Вега» компаниясынын жеңиши жөнүндө тендердик комиссиянын чечимин «абдан эле объективдүү, салмактуу жана адилеттүү» деп эсептешендиктен беришкенин «Клоопко» айтты.

«Тендердик комиссияга депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жарандык сектор, маморгандар жана Мамбайланыш комитетинин бир өкүлү кирген. Бул ведомстволор аралык комиссиянын чечими болгон», — деди Мамытова.

Мурдараак 5-октябрда ведомстволор аралык комиссия «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендердин жыйынтыктарын жокко чыгарган. Мындай чечимге тендердин жеңүүчүсү, «Вега» компаниясынын «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлордо тажрыйбасын далилдеген документтери жок экендиги себеп болгон.

Андан тышкары, Орусиянын ИИМи «Веганын» камералары оор жүк унааларынын ылдамдыгын абдан жогору көрсөтүп, ошондой эле, электр энергиясынын чукул оош-кыйышынан улам өчүп калып жаткандыгын билдирген. «Веганын» өкүлдөрү Кыргызстанда өз камералары «үзгүлтүксүз» иштеп берээрин убада кылып, «кемчиликтердин бардыгын эске алышканын» айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Веганын» камералары унаа ылдамдыгын туура эмес каттаган. Компания кемчиликтерди жойгонун айтты