Абдылдаев тышкы иштер министрлик кызматтан кетти

Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министрлик кызматтан кетти. Ал соңку алты жылда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) башчысы болуп келген. Президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алды.

ТИМдин басма сөз кызматы Абдылдаевдин отставкасы тууралуу 12-октябрда билдирди.

«Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинде алты жыл иштеп, ээлеген кызматыман өз каалоом менен кетүү боюнча арыз бердим», — деп келтирди басма сөз кызмат Абдылдаевдин айткандарын.

Президенттин аппараты Сооронбай Жээнбеков Абдылдаевдин отставкасын кабыл алгандыгын тастыктады.

Тимдин айланасындагы чыр

Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министрлигинин айланасындагы жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан менен чатакташуунун шартында отставкага кеттик.

Кылычбек Султан 2018-жылы сентябрда министрликтин ишиндеги эреже бузуулар жөнүндө айтып чыккан. Бир айдан соң Коопсуздук кеңеш ведомствону текшерип, эреже бузуулар бар экенин тастыктаган.

Коопсуздук кеңеш ТИМде «так кадр саясаты» жок экенин, ошондуктан ал жактан маал-маалы менен кызматтык документтер «ачыкка чыгып кетип атканын» маалымдаган.

Султан Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлери диппаспортторду жана дипломатиялык макамдарды мыйзамсыз ыйгарышып, «опузалоо менен алектенишкенин» ырастаган.

Ошондо Кыргызстандын ТИМи Султан кезектеги жолу мамкызматкерлердин этикасын бузду деп билдирген. Мекемеден аларда элчинин эреже бузуулары жөнүндө документтер бар экендигин кошумчалашкан.

Элчи менен ТИМ буга чейин да араздашкан.

Февралда Кылычбек Султан ведомство элчиликтин кызматкерлерин эл аралык Инчхон аэропортунан расмий эмес делегацияарды тосуп алууга мажбурлап жатканын билдирген. Анда ал өзүнүн фейсбуктагы барагында элчилик кыргыз офицерлерин тосуп алышы керектиги тууралуу ТИМдин документтерин жарыялаган.