Москва: Жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн кыргызстандык 1,5 жыл мажбурлап иштетилмей болду

Окуя болгон жер. Булак: Москва өкмөтүнө караштуу Жол кыймылын уюштуруу борбору

Москванын Тверь соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулун 1,5 жыл мажбурлап иштетип, 500 миң рубль төлөтүү боюнча өкүм чыгарды. Ал Орусиянын борборунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган.

Сот чечими 11-октябрь күнү кечинде, окуядан кийин төрт ай өткөн соң чыкты.

Кыргызстандыктын иши өзгөчө тартипте каралган, тагыраагы, сотто күбөлөр суралган жана далилдер изилденген эмес. Анткени Анарбек уулу күнөөсүн мойнуна алып, болгон окуяга өкүнгөн.

Мажбурлоо иштеринен тышкары, кыргызстандык 500 миң рубль өлчөмүндө (болжолдуу, 500 миң сом) компенсация төлөп бериши керек жана үч жыл ичинде таранспорт башкара албайт.

Үстүбүздөгү жылдын июнунда Анарбек уулу Москванын борборунда такси унаасын айдап бара жаткан жеринен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган. Анда кырсыктан улам сегиз адам жабыркаган.

Окуядан кийин кыргызстандык дароо изин жашырып кетүүгө аракет жасап, бирок жолдогу адамдар тарабынан кармалган.

Сурак урунда Анарбек уулу эки күн уктабагандыктан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, газ менен тормоздун тепкичтерин алмаштырып алганын айткан.