«Намба Такси» өз айдоочуларынын биринин иши тууралуу комикстерди чыгарды. Айдоочудан тышкары, аял жүргүнчүлөр да комикстердин (жана кээ бир учурда эркек жүргүнчүлөр да) каарманы болуп калышкан. Сүрөттөрдүн жарымында таксинин аял кардарларын кежирлик, сараңдык, көп сүйлөгөндүк жана «көз карандысыздык» үчүн мыскылдап күлүшкөн.

Айрым колдонуучулар менен активисттер бул комикстерди сыйлабастык жана сексисттик деп эсептешкен. Такси кызматы комикс «сүйүү окуясы» жөнүндө айтып берет деп ырастоодо.

Комикстеги комментарийлердин алдында нааразы болгон колдонуучулар «Намба Таксиден» өз позициясын билдирүүнү суранышып, бирок ошо бойдон жооп алышкан эмес.

Компания колдонуучулардын сынына жооп бербей туруп комикстер боюнча «Клоопко» комментарий берди. Алар өз кардарларынын комикстерге карата «реакциясын көрүүнү» каалашканын айтышты.

«Бул комикстерге little message (чакан маңыз) көп кошулган. Биз талкууга кийлигишип, “Балдар кечиргиле, силер бизди туура эмес түшүнүп алдыңар” деп айтпастан, адамдардын реакциясын көргүбүз келди», — деп айтышты компаниядагылар.

«Намба Таксиде» колдонуучулардын реакциясын «күтүүсүз, бирок маанилүү» деп аташып, жаңы контент жаратууда аны эске алаарын убада кылышты.

Шакабалардын маңызы эмнеде?

15 шакабанын ичинен 12синде жүргүнчүлөрдүн ролун аялдар ойношуп,  бир учурда эркек, ал эми башкаларында таксист өзү чагылдырылган.

Аялдар катышкан шакабалардын көпчүлүгүндө кардарларды көп сүйлөөрү, кежир жана негизсиз кадамдарды жасашкандыгы тууралуу калыптанып калган гендердик ойлордун негизинде мыскылдап күлүшкөн.

Мисалы, башкы каарман (аял) таксини кечке күттүрүп, (мен «күчтүү жана көз карандысызмын» деп түшүндүрүү менен) айдоочуга оор жүгүн көтөрүшүүгө мүмкүндүк бербей, саякат үчүн жанына өтө эле көп жүк алып алат.

Эркек жүргүнчүнү музыкалык табити начар экени үчүн мыскылдайт — бул нерседе гендердик белги жок, анткени коом мындай сапатты эркектерге тага бербейт.

«Намба Такси» шакабаларды көрүүчүлөрдүн мындай реакциясына таң калган сүрөтчү Виктория Литтл менен биргеликте иштеп чыккан. Ал шакабаларга эч бир сексисттик маани-маңыз кошулбаганын айтууда.

«Мен [шакабаларды] ушундай кабыл алышат деп эч качан да ойломок эмесмин. Бул жөн гана кызыктуу долбоор эле. Эмне үчүн мындай болуп калганын билбейм», — деп таң калды сүрөтчү.

Фейсбуктун колдонуучулары такси кызматынын шакабаларын сындай баштаган соң, алардын кийинки сериясы айдоочунун автоунаага карата сүйүүсү жөнүндө айтып берген, ал эми аяккысы таксист менен жүргүнчү аялдын өз ара жооптуу романтикалуу кызыкчылыктарын ачып берген.

Компания өзү шакабанын бардык сериясы алдын ала эле жай мезгилинде жазылганын билдирүүдө. Ал эми анын акыркы сериялары атайлап эле көрүүчүлөрдүн реакцияларын жеңилдетиш үчүн чыгарылбаганын айтышууда.

Компаниянын өкүлүнүн айтымында, шакаба кардар аял менен айдоочунун ортосундагы «сүйүү окуяларын» айгинелеген. Ошондуктан бул эки персонаж — шакабалардагы негизги каармандар.

«Негизги үч каарман бар. Биринчиси — Лина, жүргүнчү. Ал дайыма такси колдонгон саркеч кыз. Макс деген айдоочу бар. Ал уялчаак, ички сезимин тышка чыгара албаган жупуну жигит. Ошондой эле, адамга айлантылган машина бар. Шакабанын жүрүшүндө биз айдоочу менен машинанын мамилесин көрсөтүшүбүз керек эле. Алардын мамилеси жакын, бири-бирине ишенишет. Машина айдоочуну кардарына бир аз кызганат», — деп түшүндүрүштү такси кызматынан.

«Намба Таксиден» каарман Макс кыздын көңүлүн өзүнө бурдургусу келип, ал эми машина ага тоскоолдук кылып, ошондуктан айдоочу депрессияга түшүп кетээрин айтышууда. Шакабанын башка каармандары — төрт аял жана бир эркек — бул сюжетке таасири жок экинчи топтогу каармандар.

«Клооптун» редакциясы шакабаларды ар кандай аялдарга, анын ичинде жарнама боюнча адистерге көрсөтүп, маркетингде мындай тамаша орундуу же орунсуз экенине баа берүүнү суранды.

Эксперттер эмне деп жатышат?

«Намба Медиа»* жарнама агенттигинин креативдик директору Марина Ким азыр бренддер түз жарнама кылбай, «керектөөчүнүн жашоо агымына тиркелген» контент жаратууга аракеттенип жатканын айтууда.

«“Намба Такси” жүргүнчүлөр катышкан шакабаларды форма катары тандап алган. Бул жерде эч жамандык көргөн жокмун. Жеке өзүм үчүн шакабалар күлкүлүү эмес, эми бул башка кеп», — дейт ал.

PR адис Зулфия Салах кардарларды шылдыңдоого негизделген мыскыл орунсуз деп эсептейт.

«Кардарлардын үстүнөн эмес, алар менен чогуу күлүш керек. Булардын артында аял затына карата оройлук менен кемсинтүү жатат. Бул туура эмес. Биздин чакан шаарда такси кызматын тандоо мүмкүнчүлүгү чоң. Эгер жеке өзүм жөнүндө айтсам, анда алар кардарын жоготуп алышты. Менимче, бул жарнама компаниянын беделине зыян тийгизди», — дейт ал.

Маркетинг тармагы боюнча эксперт Дарья Сухолодова, тескерисинче, тамашалардан сексисттик делген эч нерсе көргөн жок.

«Мен феминист жана гуманистмин, бирок шакабарларда андай деле нерсе көргөн жокмун. Чынында жарымын эле көргөм. Шакаба деген шакаба да. Балким аларда “Силерди жакшы көрөбүз” деген сыяктуу фраза жетпей калгандыр», — деди Суходолова.

SMM адис Светлана Марголис кардардардын үстүнөн «жакшы көрүү менен гана» күлгөн орундуу экенин айтып, такси оператору «бир аз чектен чыгып кеткен» деп эсептейт.

*«Намба Такси» — бул TechFarm инвестициялык компаниясынын долбоорлорунун бири. Бул компаниянын Кыргызстандагы башка демилгелердин арасында «Намба Медиа» жарнамалык агенттиги, BeSmart жана NambaFood кызматтары бар.

Такси кызматтарынын биринин мурдагы маркетологу Гүлзат Матисакова «Намбанын» шакабаларын «ойлонулбаган жорук» деп билдирет.

«Бизде аялдар максаттуу аудитория болчу, себеби эркектерге караганда аялдар таксини көп колдонушат. Анткени колунда бар эркектердин өз унаалары бар. Бир үй-бүлөдө сөзсүз бир машина болот жана аны үйдүн эркеги айдайт. Шакабадагы тамашалар аялдарды кемсинтет, бирок аялдардын көпчүлүгү аны сезбей, четке кагышат», — деди маркетолог.

Социолог Рейна Артурова «Намба Такси» тескерисинче, гендер боюнча калыптанып калган ойлорду бузуучу шакабаларды чыгарса болмок деп эсептейт. Анткени алардын негизиндеги тамашалар гендердик теңсиздикти бир калыпка салат:

«Аялдар менен эркектердин ролу жана сапаты жөнүндө дал ошол калыптанган ойлор зомбулуктун чокусунда турат. Анткени сексизм бизге эркек рационалдуу, ал үстөмдүк кылып, башкара алаарын айтып турат. Ал эми жеңил ойлуу, акылсыз аял баш ийиши керек. Тамашадан зомбулукка чейин — бир кадам».

Авторлошу: Айдай Иргебаева

Шакабалардын бардык сериясын төмөндө көрө аласыз:

Авторлошу: Айдай Иргебаева