Кыргызстандын Economist басылмасы Эсеп палатасы «Датка-Кемин» электр берүү линиялары боюнча чыгымдарды изилдей албаганын, ал эми «Улуттук электр тармактар» ишканасы Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган насыяны тейлөөгө алы жоктугун билдирди. Эгер бийлик насыяны төлөй албаса, анда Кытай эл аралык арбитражда Кыргызстандын мүлкүн толугу менен башкарууну же үлүш талап кыла алат.

Economist басылмасы алган Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, «Датка-Кеминдин» чыгымдардын деталдуу жана беренелер боюнча сметасы жок, ошондон улам ведомство долбоордун чыгымдарын талдай алган эмес.

«Датка-Кемин» электр берүү линияларынын насыясын Улуттук электр тармактар ишканасынын туундуу компаниясы, Улуттук энергетикалык холдиң тейлет. 2016-жылы Улуттук электр тармактар ишканасында Эсеп апалатасы аудит жүргүзүп, ведомство компаниянын насыя төлөө жааатында олуттуу көйгөйлөрү бар экенин аныктаган.

Палатанын маалыматына ылайык, Улуттук электр тармактар ошол кезде «Эксимбанкка» 1,2 млрд сом төлөп бериши керек болчу, бирок ишкана кытайлык насыя берүүчүгө болгону 661 млн сом төлөп бере алган — бул талап кылынган сумманын жарымынан бир аз көбүрөөк каражат.

Улуттук электр тармактар насыяны толук көлөмдө тейлеши үчүн Эсеп палатасы электр энергия берүүнүн коюмун 19 тыйындан 35,8 тыйынга чейин жогорулатууну сунуштоодо.

«Азырынча тариф көбөйтүлө элек, Улуттук электр тармактар дайыма өкмөттөн насыя төлөөнүн убактысын жылдыртууну суранууга аргасыз. Алардын компаниясы насыяны өз убактысында төлөөгө жөн гана мүмкүнчүлүгү жок», — деп жазат Economist.

Кыргызстандын «Датка-Кемин» электр берүү линиялары боюнча «Эксимбанк» менен түзгөн насыя келишимине ылайык, бийлик карыз боюнча каражаттарды өз убактысында кайтарып турушу керек.

Эгер Кыргызстан келишим боюнча өз милдеттенмелерин бузуп, карызды жабууга алсыз болуп калса, анда Кытай эл аралык арбитражда каалаган кыргыз активин талап кыла алат.

Мисалы, Шри-Ланка, порт куруу үчүн берилген Кытайдын насыясын төлөп бере албай калганда, порт 99 жылга Кытайга ижара берилген.

Материалды чыгаруу алдында Улуттук электр тармактар менен Улуттук энергетикалык холдиң комментарийлерге жеткиликсиз болуп чыкты.

«Датка-Кемин» электр берүү линиялары

«Датка-Кемин» электр берүү линиялары — бул өлкөнүн түштүгү менен түндүгүндө «Кемин» жана «Датка» жогорку вольтуу электр берүү линияларын куруу боюнча долбоор.

Бийликтин идеясына ылайык, «Датка-Кемин» Казакстандын жана Өзбекстандын электр системаларынан Кыргызстанга көз карандысыздыкты камсыздап бермек, анткени өлкө жакынкы убактарга чейин алардын электр системаларын колдонуп келген.

Кыргызстан бул долбоорду ишке ашырыш үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» 20 жылга, жылдыгы эки пайызды түзгөн 390 млн доллар насыя алган.

Кыргызстан жана «Эксимбанк» насыя келишимине 2012-жылы кол коюшкан, ал эми «Датка-Кемин» электр берүү линиялары 2015-жылы эксплуатацияга берилген.

Эмне үчүн «Датка-Кемин» электр берүү линиялары долбооруна кызыгуу жаралды?

Бардыгы Бишкек ЖЭБин 386 млн долларга жаңыртуу боюнча долбоордон улам башталган. Ага кеткен чыгымдарды депутаттык комиссия изилдеген. Бул долбоор да Кытайдын «Эксимбанкынын» каражатынын эсебинен ишке ашырылган.

2018-жылы май айында парламенттик комиссия ЖЭБди жаңыртуунун баасы «кыйла эле кымбаттатылган», ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн ишине кийилигишкен деген тыянак чыгарган.

Жылуулук электр борборун жаңыртууну иликтөө Атамбаевдин командасындагы жогорку кызматта отурган аткаминерлердин камалышына алып келген. Алар: Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев жана Осмонбек Артыкбаев. Тергөө алардын ЖЭБди жаңыртууга тиешеси бар деп божомолдоодо.

ЖЭБди жаңыртууга байланыштуу чуудан кийин депутаттар «Датка-Кемин» электр берүү линияларына кеткен чыгымды изилдөө боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунушташкан. Бул комиссия түзүлүп-түзүлбөгөнү жана ал кандай жыйынтыкка келгени азыр белгисиз.

Жалпысынан Кыргызстан «Эксимбанктан» 1,7 млрд доллар өлчөмүндө насыя алган. Бул өлкөнүн жалпы тышкы карызынан 43 пайыздан ашууну.

ТЕМА БОЮНЧА: