Ош: Музыкалык окуу жайдан чыккан өрт эки саатта өчүрүлдү

Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы мектебинин өрттөнгөндөн кийинки көрүнүшү. Сүрөт: Асан Кубанычбек уулу/Kloop.kg

Ош шаарында 16-октябрга караган түнү Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайы өрттөндү. Окуу бөлмөлөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо имараттын 80 чарчы метрин каптаган. Жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, өрт өчүрүүгө ӨКМден үч бөлүм тартылып, тилсиз жоо эки саатта толугу менен өчүрүлгөн.

«16-октябрда түнкү саат 01:00де Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 01:30да чектөөгө алынып, саат 02:42де толугу менен өчүрүлгөн», — деп маалымдашты ӨКМден.

Натыйжада имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары өрттөнүп кеткен.

«Өрт эскилиги жеткен зымдардан улам чыккан деп божомолдоп атабыз. Азыр сабактар экинчи корпуста улантылууда», — деди окуу жайдын мүдүрү Эркайым Исраилова.

ӨКМ кырсыктын келип чыгуу себебин иликтөөдө.

Редактору: Элвира Акимова