Чыр-чатак жана радикализм маселелерин чагылдырууну үйрөтөбүз

«Клооп Медиа» Internews уюмунун колдоосу менен чыр-чатактарды жана зомбулукка алып барган радикализмдин алдын алууга байланыштуу темаларды чагылдыруу боюнча тренинг өткөрөт.

Тренинг Европа Биримдигинин колдоосу менен Internews ишке ашырып жаткан «Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуулук менен тынчтыкка көмөктөшүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Качан:

• 22-24-февраль — чыр-чатактарды чагылдыруу боюнча тренинг

• 15-17-март — зомбулукка алып барган радикализмдин алдын алууга байланыштуу темаларды чагылдыруу боюнча тренинг

Кимдер үчүн:

Нарын жана Ысык-Көл облустарында жашап иштеген журналисттер, блогерлер, фрилансерлер, жарандык активисттер жана болочоктогу конфликтологдор катыша алышат.

Аймактардан келген катышуучулардын жол киресин, жашаган жерин жана тамак-ашын уюштуруучулар каржылайт.

Эмнени үйрөнөсүз:

• Орчундуу темалар жөнүндө кантип жөнөкөй жана түшүнүктүү жазууну;

• Кандай чыр-чатактар болоорун;

• Материал жазууда кантип душман тилинен качуу керектигин;

• Кыргызстанда кандай диний агымдар бар экени жана алар бири-биринен эмнеси менен айрымаланып турааары менен тааныша аласыз;

• Internews уюмунун чыр-чатактарды чагылдыруу боюнча чакан грантын алууну кааласаңыз, тренингге катышкандан кийин сиздин билдирмеңизге артыкчылык берилет.

Катышуучулар үчүн талаптар:

1. Сизде буга чейин чыр-чатактарга же экстремизмге байланыштуу жарык көргөн материалыңыз болушу шарт.

2. Ар бир тренингден кийин сиз алган билимиңизди бекитүү үчүн эки материал чыгарышыңыз керек. Бул макалаларды даярдоодо сизге биздин менторлор жардам беришет.

Тренингге катышуу үчүн төмөндөгү билдирмени толтуруп жөнөтүңүз.

Билдирмелер 18-февраль саат 18:00гө чейин кабыл алынат.