Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы мекемеден кетти

Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков иштен кетүү жөнүндө арыз жазып, кызматынан бошотулду. Ал мекеменин басма сөз катчысы жемкорлук үчүн айыптап чыккан аткаминердердин бири болгон. Ал эми Коопсуздук кеңеши аны ээлеген кызматына ылайык же ылайык эместигин текшерүүнү сунуштаган.

Таалай Асылбеков Мамэкотехинспекциянын статс-катчылык кызматынан берген арызына ылайык бошотулду — бул Коопсуздук кеңеши өкмөткө Асылбековду ээлеген кызматына ылайык же ылайык эместигин текшерүүнү сунуштаган күнү болду.

Асылбеков басма сөз катчы Анара Мамбеталиева тарабынан аталган Мамэкотехинспекциянын үч ири аткаминеринин бири болгон. Мамбеталиева анын ысымын президент Сооронбай Жээнбековго жаздырган видеокайрылуусунда ачыктаган.

Августтун аягында жемкорлукка каршы пикет үчүн кызматтан алынган Мамбеталиева статс-катчы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүнүн жетекчиси Самат Керимкулов жана каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлкайыр Жумашева мамлекеттик каражаттарды «туура эмес пайдаланып» жатышкандыгын айткан. Коопсуздук кеңеши анын маалыматын текшерип, ал жарым-жартылай тастыкталганын маалымдаган.

Мамкадр кызматы Мамбеталиеваны Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчылык кызматына кайтарууну токтом кылган.