Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген адамы жана мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Илмиянов Кыргызстандан үстүбүздөгү жылдын июнунда эле чыгып кеткен.

Сот Икрамжан Илмияновду сырттан камакка алууну жана УКМКнын тергөө абагына киргизүүнү токтом кылган.

УКМКнын маалыматына ылайык, ар кандай убакта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысынын орун басары, кеңешчиси жана айдоочусу Илмиянов өлкөдөн июнь айында эле чыгып кеткен.

УКМКнын басма сөз кызматы Илмияновго издөө жарыяланганын тастыктады. Илмиянов кайсыл иш боюнча камакка алынышы керектиги жөнүндө маалыматты мекемеден айтышкан жок.

Октябрдын башында башкы прокуратура Илмияновго карата кылмыш иши козголушун четке каккан.

«Илмияновго карата иш козголгон жок. Балким материалдар бардыр, бирок алар “жашыруун” мөөрү менен келет. Бирок так анын өзүнө карата эч нерсе козголгон жок», — деген ошондо Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова.

Бирок «Жалбырак ТВнын» журналисттери кылмыш иши аты аталбаган бизнесменден 150 миң доллар пара алууга байланыштуу экенин ырасташкан.

Айдоочу,кеңешчи, үзөңгүлөш

Икрамжан Илмиянов өз карьерасын Алмазбек Атамбаевге таандык «Кыргызавтомаш» ишканасында айдоочу болуп баштаган. Ал 2009-жылга чейин Атамбаевдин жеке айдоочусу болуп иштеген.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин ал ошол кезде Убактылуу өкмөттүн премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп калган.

Ал эми 2011-жылы Илмиянов президент Атамбаевдин аппарат башчысынын орун басарлыгына дайындалган.

Бул кызматты ал 2015-жылга чейин, тагыраагы «Вечерний Бишкек» басылмасын рейдерлик жол менен басып алуу боюнча айыптоолордун шартында отставкага кеткенге чейин ээлеп турган. Илмиянов 2015-2016-жылдары президенттин кеңешчиси, ал эми 2017-жылы КСДП фракциясынан депутаттыкка талапкер болуп, бирок мандаттан баш тарткан. Ал эми мандатты журналист Аида Касымалиева алган.

Ал кызматтан баш тартышынын себебин айткан эмес, бирок кийинчерээк Көк-Бөрү боюнча федерацияны жетектей баштаган. 2016-жылы ал отставкага кеткен.

Соңку алты ай ичинде өкмөттөн Атамбаевдин дээрлик бардык үзөңгүлөштөрү кызматтарынан алынып, айрымдарына карата кылмыш иштери козголгон.

Кылмыш иштери мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго, бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге козголгон.