Маммүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) экс-башчысы Дүйшөнбек Зилалиев президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болгон күнү бомба тууралуу жалган маалымат үчүн үч жылга (анын ичинен эки жыл сыноо мөөнөтү) шарттуу кесилди.

2017-жылы 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болгон күнү курсанттардын бири УКМКга бомба коюлгандыгы жөнүндө билдирген. Телефон чалган курсанттын айтымында, бомба тууралуу ага Атамбаевдин чөйрөсүндөгү ири аткаминер Дүйшөнбек Зилалиев айткан.

Дээрлик бир жыл өткөн соң кылмыш ишинен улам ММБФнын башчылык кызматынан кетүүгө аргасыз болгон Зилалиев үч жылга шарттуу соттолду, анын ичинен эки жылы сыноо мөөнөтү.

Мамайыптоочу аны эки жылга жатак абагына кесүүнү суранган.

«Укук коргоо органдарында иштөө тажрыйбам туруп, олуттуу жана атайын билимдерим турганда, силер кантип мени мындай ишке барган деп ойлой аласыңар? Мунун баары болбогон нерсе», — деди Зилалиев сотто.

Зилалиевдин айтымында, мамайыптоочуда бир да дадил жок, көрсөтмөнүнүн негизинде түзүлгөн айып күмөндүү, ал эми судьяда болсо айыптоо өкүмүнүн долбоору алдын ала даярдалган.

Зилалиев сот өкүмүн даттанмакчы, ал өкүмдү негизсиз деп эсептейт. Ал башынан бери эле айыпты жалган деп атап келген.

Зилалиев жана «бомба»

24-ноябрда президенттин инаугурациясы болгон күнү ИИМдин Академиясынын курсанты Москва көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде, тагыраагы жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун кортежи өтө турган жакта бомба коюлгандыгын билдирген.

Курсант бул боюнча маалыматты Дүйшөнбек Зилалиевге таянып айткан. Текшерүүдөн кийин УКМК «Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Зилалиев курсанттардын бири менен сүйлөшкөнүн мойнуна алганы менен жардыруучу зат жөнүндө айткандыгын четке каккан.

«Биз чын эле жолдо кетип бара жатканбыз. Курсант кыздын бирөөсүнө эскерүү бергеним эсимде. Мен ага форма жараша тургандыгын, бирок кемчиликти жоюу керектигин айткам. Эгерде ал бул нерсеге капа болуп калса кечирим сурайм. Чындагында эле ал ошол үчүн эле бомба жөнүндө ойлоп таптыбы? Мен эскертме беришим керек болчу», — деген ал.

Декабр айында ММБФнын башчылык кызматын ээлеп турган Зилалиев УКМКга суракка чакырылган. Натыйжада ал «премьер-министр Сапар Исаковду соккуга койбош үчүн» отставкага кеткен. Ал эми аткаминерге апрелде бомба жөнүндө «жалган билдирүү» үчүн айып тагылган.

«Жакында эле мен анчейин түшүнүксүз ыктымал бомба коюлгандыгы боюнча маалымат туураалуу кылмыш ишинин фигуранты болуп калдым. Бул факт коомчулукта абдан чоң резонанс жаратып, ал эми ЖМКлар бул боюнча мени кодулап, массалык долуланууларды башташкан. Бул жагдайлар албетте менин ар намысым менен кадыр баркыма доо кетирди, мындан да маанилүүсү бүтүндөй өкмөткө көлөкө түшүрүп жатат», — деп айткан ал.

Бул иш боюнча Зилалиев эки жүз саатка чейинки коомдук ишке тартылып, 30 миң сомго чейин штраф же үч жылга чейин эркинен ажыратылмак. Бирок соттун чечими боюнча ал үч жылга шарттуу кесилди.

Зилалиев соккуга таштагысы келбеген Исаковго да кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министр 5-июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу учурундагы коррупцияга шектелип камакка алынып, тергөө аяктаганча камакта калтырылган.

Андан тышкары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башка үзөңгүлөштөрүнө да каршы кылмыш иштер козголгон. Алар: Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов, ал эми экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланган.

Зилалиев дагы эмнеси менен белгилүү?

Зилалиев ММБФга келгенге чейин Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Ал өкмөттө иштеп турган кезде Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча Чехиянын Liglass Trading компаниясы менен келишим түзгөн. Натыйжада өкмөт келишимди үзүп, ал эми чех компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын үстүнөн эл аралык арбитраж сотуна даттанууну мерчемдеген.

Ошондой эле, Зилалиев «Кумтөр» компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берген Суу кодексине өзгөртүүлөрдү колдогон. Бул өзгөртүүлөр экологдордун нааразылыгын жараткан.