Икрам Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин жети беренеси боюнча айыпталууда. Иш сентябрдын аягында эле козголгону менен Башкы прокуратура аны четке кагып койгон. Илмиянов тергөө аяктаганча, тагыраагы ноябрдын аягына чейин УКМКнын тергөө изоляторунда болот.

Икрам Илмияновдун кылмыш ишинде Кылмыш-жаза кодексинин бери эле дегенде жети беренеси айтылган: «Алдамчылык», «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу», «Пара алуу», «Пара алууда ортомчулук кылуу», «Пара берүү» жана «Кызматтык жасалмалоо».

Илмиянов Биринчи май райондук сотунда

Бирок октябрдын башында Башкы прокуратура Илмияновго каршы иш козголгонун четке кагып койгон, ал 28-сентябрда козголгон.

Анда Илмиянов Кыргызстанда эмес болчу. Ал өлкөдөн июнда чыгып кетип, бир ай өткөн соң Көк-бөрү федерациясынын президенттик кызматынан баш тарткан.

Сот экс-президенттин мурдагы кеңешчисин кармап, УКМКнын тергөө изоляторуна камоо тууралуу сыртынан чечим чыгаргандан кийин 19-октябрда Илмияновго издөө жарыяланган. Мекеме журналисттерге саясатчы эмне себептер боюнча издөөгө алынганын маалымдаган эмес. Бирок ЖМК Илмияновго каршы иш 150 миң доллар өлчөмүндө пара алууга байланыштуу деп эсептеген.

Илмиянов аэропортто кол кишенчен

Бирок Илмиянов 20-октябрда Кыргызстанга кайтарылган. Аны Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) адистери кармап, кыргыз бийлигине өткөрүлүп берилгени маалымдалган.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун айтымында, Илмиянов Нью-Йоркко качып кетүү аракетин көрүп аткан учурда кармалган. Байсалов далил катары Илмияновдун аты-жөнү жазылган ави билеттин сүрөтүн жарыялаган.

Сүрөт: Эдил Байсалов

Лидери экс-президент Атамбаев эсептелген КСДП үзөңгүлөшүнүн кармалышын «шоу», ал эми тергөөнү «саясий мүнөздүү» деп атаган. Ал эми Атамбаев өзү Илмиянов кармалган күндөн көп өтпөй эле Орусияга, бир тууганынын тажиясына учуп кеткен.

Айдоочудан кеңешчиликке

Икрамжан Илмиянов өз карьерасын «Кыргызавтомаш» ишканасында айдоочу болуп баштаган. Ал учурда ишканага бизнесмен Алмазбек Атамбаев ээлик кылган.

Илмиянов 2009-жылга дейре Атамбаевдин жеке айдоочусу болуп, 2010-жылдагы революциядан кийин анын жардамчысы болуп калган. Ал эми 2011-жылы Атамбаев өлкө башчылык кызматка келгенден кийин Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин орун бсарлык кызматына дайындалып, ал жакта 2015-жылга чейин, тагыраагы «Вечерний Бишкектин» имаратын рейдерлик менен басып алууга айыпталганга дейре иштеген.

Икрам Илмиянов отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Бирок ошентсе да басылманын имаратына байланыштуу чуу, ага дагы бир жыл президенттин кеңешчилик кызматында калууга жолтоо болгон эмес. Ал эми 2017-жылы ал КСДПдан депутаттык кызматка талапкер болуп чыгып, бул коомчулуктун терс таасирин жараткан. Ошондон кийин ал мандаттан баш тартып, кийинчерээк Көк-бөрү федерациясын жетектеп калган.