Cүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ачык өкмөт» инсталляциясын ачты. Ал Кыргызстандын «Ачык өкмөт» программасына кошулганына арналган. Инсталляцияны жасоо үчүн «Сорос» фонду 194 000 сом бөлгөн.

Инсталляцияны жасоо ишин «Сорос» фондунан грант алган «Прогрессивдүү жарандык демилге альянсы» аткарган. Фонддун өкүлүнүн айтымында, уюмдун бюджетинде «Ачык өкмөт» инсталляциясы үчүн 2800 доллардан ашуун акча каралган — бул 194 000 сомдон бир аз көбүрөөк сумманы түзөт.

«Алар канча жумшаганы так эсимде жок, бирок бюджетте 2800 доллар бар болчу», — деп билдиришти «Сорос» фондунан «Клооптун» кабарчысына.

Инсталляциянын автору — Tsarik & Co архитектуралык бюросу. «Ачык өкмөт» ар тарапка жылдырууга мүмкүн боло турган бир нече пластик блоктор.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Инсталляция өкмөттүк аппаратка коюлду. Ал Кыргызстандын «Ачык өкмөт» программасына кошулулуша арналып, аны 23-октябрь күнү эртең менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачты.

«Ачык өкмөт» — бул дүйнөнүн 75 өлкөсү кирген эл аралык уюм. Уюмга мүчө болуу менен катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү өз жарандарына ачык жана отчеттуу болууга милдеттүү деген эрежеге макул болуп калышат.

«Ачык өкмөткө» кошулуу үчүн мамлекет бул уюмдун баалоосунан өтүшү керек. 

Өлкөнү мындай ченөлчөмдөр боюнча баалашат: бюджеттин айкындуулугу, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү, аткаминерлердин мүлкү боюнча маалыматтарды ачыктоо, жарандардын мамлекетти башкарууга катышуусу жана өкмөттүк эмес уюмдарга кысым көрсөтүүнүн жоктугу.

Кыргызстан мындай баалоонун жыйынтыгы боюнча баллдардын 95% алган.

Үкөккө окшош

Буга чейин инсталляциянын ачылышына чейин эле сүрөттөр коомдук тармактарга чыгып кеткен. Колдонуучулар «Ачык өкмөт» соода-сатык текчесине жана косметика саткан дүкөндүн үкөгүнө окшош деп эсептешкен.