Икрамжан Илмиянов. Сүрөт: КСДПнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Икрамжан Илмиянов 2017-жылы 8-августта президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын башчысынын орун басары болуп турган кезде «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» түрүндө жана «сыйакы» катары 150 миң доллар алган деп эсептешүүдө.

Ал эми Жээнбеков талапкер болуп чыккан КСДП партиясындагылар «Дизель комплекттен» же башка «физикалык жана юридикалык жактардан» акча алынганын четке кагышууда.

Партиядагылар кошумчалашкандай, мыйзам боюнча, шайлоо штабы өзүнүн каржылык документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырып турган. Бул боюнча алар УКМКга, же БШКга, же түздөн-түз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылууну кеңеш кылышкан.

Президенттин администрациясы материал жарык көрөөрдө «Клооптун» журналистине жооп берген жок.

«Дизель комплект» тууралуу эмне белгилүү?

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компания адистештирилбеген дүң соода менен иштейт. Анда компаниянын жетекчиси деп Николай Грамович, ал эми түзүүчүсү деп Грант Оганянц көрсөтүлгөн. Андан тышкары, Оганянц дагы бир «Автотрейд» компаниясынын түзүүчүсү болуп эсептелет. Эки компания тең «Бишкек» эркин экономикалык аймагында катталган.

2017-жылы 7-августта, Илмиянов компаниядан акча алды делген күндөн бир күн мурда, «Дизель комплект» бюджетке «Кыргызстандын аймагына кирип жаткан товарларга» дээрлик 17 млн сом Кошумча нарк салыгын (КНС)* төлөгөн. Компания үчүн бул мурда болуп көрбөгөндөй каражат. 2013-жылдан тарта анын орточо салык төлөмдөрү 70 миң сомдон ашкан эмес, ал эми КНСти компания бул убакыт аралыгында, андан кийин да бир да жолу төлөгөн эмес.

*«Ачык бюджет» порталынын маалыматы

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 12-апрелде «Дизель комплектин» мүлкүн камакка алган, ал эми 11-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Оганянцтын эки компаниясынын кеңселеринен 2014-жылдан тарта мөөнөттөгү ишмердигинин бардык документтерин алып коюуну токтом кылган.

Илмияновду кармоо

Илмияновго каршы кылмыш иши 2018-жылы сентябрда козголгону менен Башкы прокуратура бир айга чукул кылмыш иши ачылганын четке кагып келген.

Илмиянов 20-октябрда Орусиядан Кыргызстанга жеткирилип, ошондон кийин ал бери эле дегенде жети берене боюнча, анын ичинде «Алдамчылык», «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана башка  айыптар менен УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.

Экс-президент Атамбаев башкарган КСДП үзөңгүлөшү Илмияновдун кармалышын «шоу», ал эми тергөөнү «саясий мүнөздүү» деп атаган.

Икрамжан Илмиянов өз карьерасын «Кыргызавтомаш» ишканасында айдоочу болуп баштаган. Ал учурда ишканага бизнесмен Алмазбек Атамбаев ээлик кылган.

Илмиянов 2009-жылга дейре Атамбаевдин жеке айдоочусу болуп, 2010-жылдагы революциядан кийин анын жардамчысы болуп калган. Ал эми 2011-жылы Атамбаев өлкө башчылык кызматка келгенден кийин Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлык кызматына дайындалып, ал жакта 2015-жылга чейин, тагыраагы «Вечерний Бишкектин» имаратын рейдерлик менен басып алууга айыпталганга дейре иштеген.

Ал отставкага кетүүгө аргасыз болуп, бирок ошентсе да басылманын имаратына байланыштуу чуу ага дагы бир жыл президенттин кеңешчилик кызматында калууга жолтоо болгон эмес. Ал эми 2017-жылы ал КСДПдан депутаттык кызматка талапкер болуп чыгып, бул коомчулуктун терс пикирин жараткан. Ошондон кийин ал мандаттан баш тартып, кийинчерээк Көк бөрү федерациясын жетектеп калган.