Адамдар 1970-жылдан тарта 2014-жылга дейре балык, чымчык жана сүт эмүүчү жаныбарлардын 60% жок кылышкан. Бул тууралуу Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фонду (WWF) жана Лондондун зоологиялык коому өздөрүнүн «Living Planet Index» баяндамасында айтышкан.

«Биз акыл калчап ойлонбостон, туңгуюкка бара жатабыз», — деп айткан WWFтин директорунун бири The Guardianга курган маегинде. Адистер бул көрүнүштү кырылуунун алтынчы толкуну деп аташууда.

Окумуштуулар жаныбарлардын популяциясы кыскарып жаткандыгына алардын табиятынан жүргөн жерлерин айыл чарба муктаждыгы жана жаныбарларды азыктануу үчүн өлтүрүү башкы себептердин бири экенин айтышкан. Аңчылыктан улам акыркы 50 жылда минимум дегенде жаныбарлардын 300 түрү толугу менен жок болуп кеткен.