Сүрөт: mompl/flickr

София (ысымы өзгөртүлдү) Кыргызстанда окуп жаткан Өзбекстандын жараны. Ал дайыма Өзбекстанга үйүнө барып келип турууга мажбур.

Негизи чек арада анын паспорту менен жүгүн эле текшеришчү. Бирок эки жыл мурда абал өзгөргөн. Анда София үй-бүлөсү менен Жаңы жылды тосуш үчүн үйүнө учуп кеткен. Ал Ташкендин аэропортунда паспорт көзөмөлүнөн өткөн соң формачан кызматкер келип, өзүнчө бөлмөгө өтүүнү суранган. Ал жерде дагы бир киши отурган.

София алар жеке жашоо жана келечектеги пландар тууралуу сурашып, андан соң телефонун текшерүү үчүн сурашканын эстеди. Ал ага макул болуп, телефонун берген.

Коопсуздук кызматкерлери түзмөктүн ичиндегилерди карап, порнография жана эротика издешкен. София эмне үчүн алар телефондон дал ошол нерсени издешкенин билбейт. Кыздын айтымында, андан тышкары, алар телефондогу жеке каттарды окуп, сүрөт галереясын көрүшкөн.

София текшерүү көп убакытты алганын жана тыюу салынган эч нерсе таба албай калышкан соң телефонду кайтарып беришкенин айтууда.

Ал «чынчыл болуш үчүн» дароо эле текшерүүдөн өтүүгө макул болгонун, болбосо алар мыйзамсыз бир нерсе бар деп шектенип калышы мүмкүн экенин, анткени Өзбекстанда буга байланыштуу нерселерге дыкат көңүл бурулаарын айтат.

София азыр өлкөгө кирээр алдында телефонунан коомдук тармактар үчүн WhatsApp жана башка колдонмолорду өчүрөт. Туугандары ага дайыма диний багыттагы тексттерди жөнөтүп турушат. Ошонун айынан Өзбекстанда аны экстремизмге шектеши мүмкүн.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев телефондогу маалыматтарды дыкат текшерүү айрым өлкөлөрдө мыйзамга каршы келбесин айтат. Мисалы, Канаданын атайын кызматтары маалыматтарды текшерүү үчүн телефонуңузду талап кылышы мүмкүн, эгер баш тартсаңыз 25 миң Канада доллары боюнча штраф же бир жылга эркиңизден ажыратып коюшу ыктымал. Мындай текшерүүнү алар улуттук коопсуздукту коргоо менен түшүндүрүшөт.

Аталган мыйзам Өзбекстандын аймагында да иштейт. Бирок өзбек чек арачылары гаджет түрүндөгү жардыргыч заттарды ташууну алдын алуу максатында түзмөктү үстүртөн эле карай алышат. Аларда телефондун ички маалыматтарын текшерүүгө ыйгарым укуктары жок.

Юрист телефонду текшерүүгө дароо эле макул болбош керектигин кеңеш кылууда. «Эгер телефондогу маалыматтарды тешеребиз деп талап кылышса, анда ал кандай негиз менен болоорун сураш керек. Алардын өлкөсүндө жеке менчикти кароого укук берген мыйзамдын бар-жогун суроо зарыл», — дейт ал.

«Клооптун» редакциясы сиздерге дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө көзөмөлдөн өтүүдө жеке маалыматтарыңызды коргоого жардам бере турган бир катар кеңештерди берет.

Дисклеймер: Биз төмөндө айтылчу ыкмалар жеке маалыматтарыңызды көңүлгө каршы келген текшерүүдөн сактап калат деп так кесе айта албайбыз. Ошентсе да, алар айрым учурларда пайдалуу болушу мүмкүн, жада калса эгер бул аэропорттогу текшерүүгө тиешеси жок болсо да.

Эң мыкты коргонуу — бул маалыматты өчүрүү

Жеке маалыматтарды, документтерди, сүрөттөрдү же видеолорду чек арада көңүлгө каршы келген текшерүүлөрдөн коопсуздандырыш үчүн аларды өзүңүздүн телефон, планшет же телефондон таптакыр эле өчүрүп салган оң болот.

Көлөмүнө жараша аларды сиз тышкы катуу дискке же флешкага көчүрүп же болбосо аларды башка сактагычтарга жүктөп алсаңыз болот. Мисалы, Google Drive колдонуучуга 15 ГБ акысыз берет. Чек арадан өткөндөн кийин керектүү файлдарды кайра көчүрүп алса болот.

Бирок девайс текшерилип жатканда чек арачылар сиздин Google аккаунтуңуздагы маалыматтарды карашы мүмкүн. Ошондуктан девайсты текшерүүгө бергенге чейин, тагыраагы алдын ала эле аккаунттан чыгып койгонуңуз туура.

Бул нерсе сиздин түзмөктө орнотулган колдонмолорго да тиешелүү. Эгер сиз өзүңүздүн коомдук тармактардагы аракеттериңиз же болбосо каттарыңыз чоочун адамдарга белгилүү болуп калышын каалабасаңыз, анда аларды да убактылуу өчүрүп койгон жакшы.

Бардык аккаунттар менен коомдук тармактардан чыгуу

Эгер сиз колдонмолорду түзмөгүңүздөн өчүрбөөнү чечсеңиз, анда бардык аккаунттардан чыгып салганыңыз оң болот.

Дээрлик ар бир колдонмодо Logout («Чыгуу») функциясы бар — аны көзөмөлдөн өтүү алдында аткарган оң. Чек арачылар сизден сыр сөздү өзүнчө жазып берүүнү суранбаса гана алар аккаунтуңуздагы маалыматтарды көрө алышпайт. Андай учурда дайыма колдонмо орнотулганы менен аны колдонбойм жана ал жакта аккаунтум жок деп айтып койсо болот.

Мисалы, Telegramдан түзөтүүлөр (настройки) аркылуу чыкса болот. Оң тараптын өйдө жагындагы үч чекитти басып, аракетиңизге макулдук бериңиз.

Андан тышкары, Android башкаруусундагы түзмөктөрдөн каттоо жазмасынан (ред. — учетная запись) чыгып койсо болот. Көзөмөлдөн өткөн соң кайрадан аккаунтка кирип, түзмөктү колдоно аласыз.

Google Pixel смартфонунан Google-аккаунтту өчүрүү

* - каттоо жазмасынан чыгуу сиздин телефондон Googleга байланган маалыматтарды, тактап айтканда, YouTubeда көрүлгөн видеолорду, Google Mapsтеги маршруттарды жана башкаларды өчүрүп салат.

** – ар бир өндүрүүчү Google-аккаунтту өчүрүү функциясын ар башкача жайгаштырат. Мисалы, Xiaomi телефондорунан сизге түзөтүүлөрдөн (настройки) «Сихрондоштуруу» бөлүмүнө кирип, керектүү аккаунтту тандап, аны өчүрүшүңүз керек.

Маалыматтарды аккаунттардан чыкпай эле коргосо болобу?

Android башкаруусундагы айрым телефондор, мисалы, Xiaomi колдонуучуга «экинчи мейкиндик» функциясын сунуштайт. Сиз аны күйгүзгөн кезде смартфондо колдонуу үчүн мурдагыдай эле мейкиндик пайда болот. Сиз аны мисалы, жумуш үчүн жана жеке аккаунт катары алмак-салмак колдонсоңуз болот.

Телефондун функция күйгүзүлгөнгө чейинки башкы бети
Аны түзөтүүлөрдөн таап күйгүзөбүз
Телефондун «Экинчи мейкиндиги» иштетилген башкы бети

Айрым смартфондор «жылаңач» деп аталган Androidддин версиясы менен иштейт. Анын негизги өзгөчөлүгү — бул телефондордо өндүрүүчүлөр тарабынан орнотулган ашыкча колдонмолордун жоктугунда.

«Жылаңач» Androidддин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп конок режими эсептелет. Эгер сиз бул функцияны күйгүзсөңүз, анда колдонмолордун чектелүүсүн гана пайдалануу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бирок андай телефон ого бетер шек жаратып коюшу ыктымал.

Мисалы, Google Pixel телефонунда бул режимди иштетиш үчүн телефондун түзөтүүлөрүнө, андан соң «Система» бөлүмүнө кирүү керектелет.

Телефондун «Конок» бөлүмүн иштетилген башкы бети
Опцияны тандайбыз
Вуаля!

Тилекке каршы Apple түзмөктөрүнүн функционалы кыйла эле чектелүү жана ал жакта жогоруда айтылган функциялар жок. Бирок сиз бардык жашыруун маалыматтарды булутка көчүрүп, түзмөктөн баарын өчүрүп, андан кийин керектүү файлдарды кайра көчүрүп алсаңыз болот.

Коопсуздук боюнча адистердин көпчүлүгү эң эле жөнөкөй ыкма сунушташууда: Эгер сиз чет өлкөгө көп барсаңыз, анда командировкалар үчүн гана колдонула турган арзан ноутбук же телефон сатып алышыңыз керек.

Ал түзмөктөргө баалуу документтерди же жеке сүрөттөрдү сактабаңыз. Ошондо гана текшерүү маалында сизден ашыкча шек туудурган нерселерди таба албай калышат.

Чек арадан өтүү алдында бара турган өлкөңүздүн чек ара кызматынын талаптары жана эрежелери жөнүндө кеңири маалымат алыңыз.

Редакторлору: Дмитрий Мотинов

Рустам Халимов

ТЕМА БОЮНЧА: