«Коопсуз шаар». Сот орусиялык компаниянын жеңишин мыйзамсыз деп тапкан комисссиянын чечимин жокко чыгарды

Бишкектин райондор аралык соту 1-ноябрда «Коопсуз шаар» боюнча тендердин жыйынтыгын мыйзамсыз деп тапкан көзкарандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгарды. Анда тендерди Орусиянын «Вега» компаниясы утуп алган.

Даттанууларды кароо боюнча көзкарандысыз комиссиянын мүчөсү Эдил Эралиев отурумда ага сөз бербей коюшкандыгын «Клооптун» журналистине айтты. Анын айтымында, судья өз чечимин түшүндүргөн эмес, бирок аны чечим чыккан күндөн тарта беш күндүн ичинде түшүндүрүп бериши керек.

Мамлекеттик сатып алуулар процедураларына даттануулар боюнча көзкарандысыз комиссия тендердин жыйынтыгын 5-октябрда жокко чыгарган. Комиссиядан «Вегада» «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тууралуу документтер жок экендигин түшүндүрүшкөн.

«Вегага» карата даттануулар тендердин башка катышуучусу, тактап айтканда, Орусиянын «Маалыматтык технологиялар коопсуздугу» (МТК) компаниясынан да түшкөн.

МТК втоунаалардын ылдамдыгын жогору көрсөткөн «Веганын» камераларына, андан тышкары, алардын туруксуз ишине арызданган Орусиянын ИИМнин документтерин келтирген. Ал эми «Вега» Кыргызстанга камераларды орнотуунун алдында аталган кемчиликтерди жойгонун билдирген.

Авторлошу: Эмил Султаналиев