Самара Каримованын «Асылкечим» аттуу клибинен алынган скриншот

Ырчы Самара Каримова Ошто музыкалык окуу жайдын директорлук кызматында болгону бир күн гана иштегенге үлгүрдү. Жаңы маданият министри Азамат Жаманкулов аны кызматтан алды. Бул Каримова менен болгон экинчи окуя, себеби мурдагы жылы да ал музейдин директору болуп бир күн иштеп кеткен.

Жаманкулов Каримованы 1-ноябрь күнү кечинде бошоткон. Буга ырчынын дайындалышы тууралуу буйрукка Маданият министрлигинин статс-катчысы командировкада жүргөн кезде мыйзамсыз кол койгону себеп болгон. Эми статс-катчыга сөгүш жарыяланмакчы.

Ошол эле күнү Каримова окуу жайдын жааматына өзүнүн биринчи жыйналышын өткөрүп, ишке киришкен — бул тууралуу ал өзүнүн «Инстаграм» барагына жазган.

Кызматтын өзүнө ырчы 24-октябрда эле дайындалган, ал эми андан бир күн өткөн соң Маданият министрлигин Азамат Жаманкулов жетектей баштаган.

Бул Каримованын жетекчилик кызматтан алгачкы жолку эле чуулуу кетиши эмес. Ал 2017-жылы жайына «Сулайман-Тоо» музей комлексинин директорлук кызматынан кеткен, ал жакта да ырчы болгону бир эле күн иштеген. Анда Каримова коомдук тармактардын колдонуучуларынын сынынан кийин өзү эле кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Колдонуучулар 26 жаштагы кыз музейди жетектей албастыгын айтышкан.

Ырчы кызматтан кеткенден кийин «кыргыз коому жаш кадрларды кабыл алууга даяр эместигин» «Азаттыкка» курган маегинде айткан.

Каримова 2011-жылы Ош драма театрынын директору Асан Мансуровго турмушка чыгып, эки жылдан кийин кыргыз эстрадасында ырдап чыга баштаган.

Самара Каримова — «Инстаграмда» миллион катталуучу топтогон алгачкы кыргызстандык. Буга байланыштуу ал 2018-жылы августта Бишкекте жана Ошто майрамдык кече уюштурган.

Ошол кезде Кыргызстандын башкы телеканалынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков Каримованы ««өлкөнүн таасирдүү аялдарынын бири» деп атаган.

Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров менен

«Клооптун» редакциясы ырчыга катталгандардын дээрлик жарымы жасалма топтолушу ыктымал деп божомолдогон. Анын посттору башка миллион катталуучусу бар аккаунттарга салыштырмалуу эки эсе аз лайк алат, ал эми лайктардын өзү дароо беш миңдик секирик менен кошулуп калат.

Каримова өзү ошондо инстаграм аккаунтун өзү колдоноорун жана жасалма катталуучу топтоо тууралуу эч нерсе билбестигин «Клоопко» айткан.

Андан тышкары, экс-президент Алмазбек Атамбаев Каримовага Кыргызстандын эмгек сиңирген артисткасы наамын ыйгарган.