Жарым жылдан бери издөөдөгү Аскарбек Шадиев депутат болбой калды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бир Бол» фракциясынын парламенттеги депутаты жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотууну чечти. Ал жарым жыл мурда Кыргызстандан чыгып кеткен. Шадиев акчалардын изин жашыруу, ыйгарым укуктардан кыянат пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча айыпталууда.

БШК Шадиевдин депутатык мандатын чакыртып алуу тууралуу чечимди 2-ноябрда кабыл алды. Ал Кыргызстандан апрелде эле чыгып кеткени менен депутаттык ыйгарымдары токтотула элек болчу.

БШКнын билдирүүсүнө ылайык, Аскарбек Шадиев «Бир Бол» фракциясынан өзүн мандаттан ажыратууну суранып, ал эми комиссия анын өтүнүчүн 1-ноябрда жактырган. Фракциянын өзүндө бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартышты.

Шадиевдин ыйгарымдары партиялык тизме боюнча кийинки турган Эрмамат Тагаевге өткөрүлүп берилди.

Айтматов атындагы сыйлык, Кыргызчтандан качуу жана эл аралык издөө

Кыргызстанда мурдагы вице-премьер-министрге каршы дароо үч кылмыш иши козголгон. Биринчиси апрель айында козголгон. Ага ылайык, Шадиев 2017-жылы Айтматов атындагы сыйлыкты өзүнө ыйгарып алуу боюнча шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол учурда Шадиев Айтматов атындагы сыйлыкты төлөөгө 2 млн сом бөлүүгө буйрук берген, бирок ал ыйгарылбасын билген. Бул каражатты Коргоо жана эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров алган.

Апрелдин аягында Шадиев өлкөдөн качып кеткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы аркылуу сууну кечип өтүп, Тажикстандан Москвага, ал жактан Нью-Йоркко учуп кеткен деп эсептейт.

УКМК июнда Шадиевдин үстүнөн чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогон. Азыр мурдагы вице-премьер-министрге эл аралык издөө жарыяланган.

Ал эми июль айында Шадиевге каршы дагы бир кылмыш иши козголгон. Ал акчалардын изин жашыруу боюнча айыпталган.

Андан тышкары, 2-ноябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктаганы белгилүү болгон. Аны 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту карайт.