Шадиев депутаттык мандаттан мыйзамсыз ажыратылганын айтып чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев аны депутаттык мандаттан мыйзамсыз ажыратышканын билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) анын кол белгиси коюлган депутатыктан баш тартуу боюнча «жасалма» арыз түшкөн.

Шадиев ЖКМларга аны депутаттык мандаттан мыйзамсыз ажыратышканын, ал эми өзүнө каршы кылмыш иштери саясий мүнөздүү экендиги боюнча билдирүү таратты.

Шадиев билдирүүсүндө БШКга өзүн депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча эч кандай арыз жөнөтпөгөнүн, ал эми партиялаштарын «кимдир бирөөлөр колдонуп, адаштырышканын» жазган.

«Кыязы, Бишкекте кимдир бирөөлөр тарабынан жазылган кагазды берип, [партиялаштарымды] адаштырышкан. Ошол эле учурда кырдаалды түшүнөм жана мандат үчүн карманган жокмун», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми саясатчы өзүнө каршы кылмыш иштерди «саясаташкан, негизсиз жана жасалма» деп атаган. Анын пикири боюнча, ал Кыргызстандын чек арасынан мыйзамдуу негизде чыккан, ал эми УКМКнын чек арадан мыйзамсыз чыгып кеткен деген билдирүүсү «куру кыйкырык».

«Мен өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздук кызыкчылыгынан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгом. Мен [өлкөдөн] жаран катары эле мамлекеттик чек ара аркылуу кеткем жана буга толук укугум бар», — деп айтылат катта.

Өз кезегинде Шадиев мүчөсү болгон «Бир-Бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул катты «калп» деп атап, экс-депутат БШКны да, Жогорку Кеңешти да адаштырып жатат деп билдирди.

«Ал арызды бизге жөнөткөн, азыр болсо эмне үчүн четке кагып атканын түшүнбөй турам. Биз көчүрмөсүн БШКга бергенбиз, Шадиев ошонун негизинде мандаттан ажыратылды», — деп айткан Сулайманов «24.kg» басылмасына.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрда комиссия Шадиевди мандаттан «Бир Бол» фракциясынын чечиминин негизинде ажыратканын айткан.

Айтматов атындагы сыйлык, Кыргызчтандан качуу жана эл аралык издөө

Кыргызстанда мурдагы вице-премьер-министрге каршы дароо үч кылмыш иши козголгон. Биринчиси апрель айында козголгон. Ага ылайык, Шадиев 2017-жылы Айтматов атындагы сыйлыкты өзүнө ыйгарып алуу боюнча шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол учурда Шадиев Айтматов атындагы сыйлыкты төлөөгө 2 млн сом бөлүүгө буйрук берген, бирок ал ыйгарылбасын билген. Бул каражатты Коргоо жана эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров алган.

Апрелдин аягында Шадиев өлкөдөн качып кеткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы аркылуу сууну кечип өтүп, Тажикстандан Москвага, ал жактан Нью-Йоркко учуп кеткен деп эсептейт.

УКМК июнда Шадиевдин үстүнөн чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогон. Азыр мурдагы вице-премьер-министрге эл аралык издөө жарыяланган.

Ал эми июль айында Шадиевге каршы дагы бир кылмыш иши козголгон. Ал акчалардын изин жашыруу боюнча айыпталган.